ОКУУЧУЛАРДЫН ЖҮРӨГҮНӨН ТҮНӨК ТАБАЛЫ
- 03.02.2023
- 0
Ааламдашуу заманында мугалим күнүгө өзүн өнүктүрүп, билим деңгээлин жогорулатып турбаса, чыныгы кесипкөй мугалим боло албастыгы анык. Ал үчүн мугалимдердин биринчи максаты – китеп окуу болууга тийиш. Улуу педагогдордун илимий эмгектери менен дайыма таанышып, эске салып туруу керек. Педагогиканын негиздерин, тарыхын албетте, студент кезде окуп өтүшкөн. Бирок заман талабына ылайык, кайрадан окуп изденүү менен өз адистиги, предмети боюнча да кошумча адабий китептерди, ошондой эле, методикаларды, энциклопедияларды, интернеттен кошумча маалыматтарды монографияларды окуу менен өз билимин тереңдетип туруусу зарыл. Дүйнөлүк адабияттарды окуу менен бирге кыргыз педагогикасында өз орду бар чыгаан педагогдордун да жазган эмгектери менен таанышып, практикада колдонуу парз.

МУГАЛИМ ӨЗҮН ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ЭМНЕЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БУРУУСУ ЗАРЫЛ?
- Убакытты туура пайдалануу.
- Кайсыл предметтин мугалими болсо ошол сабагынан бардык класстардын предметтик китептерин окуп чыгуу жана конспектилеп алуу.
- Предметине байланыштуу кошумча булактардан маалымат алуу.
- Тажрыйбалуу мугалимдердин сабагына катышуу (Мугалимдердин сабак өтүүдөгү ыкмаларын үйрөнүү).
- Устаттык чеберчилигин өркүндөтүү.
- “Акыл эмгеги маданияты” методикасын өздөштүрүү менен кесипкөйлүгүн жогорулатуу.
- Онлайн, офлайн курстарга катышуу менен өз кесибин жогорулата алат.
Мугалим ар тараптуу болуп, изденүүнүн үстүндө жүрүшү абзел. Тээ качанкы алган диплому, билими менен калган мугалим акпай туруп калган сууга барабар. Себеби күндөн-күнгө инновациялык технологиянын курчуган заманында ал билими менен окуучуларга сабак өтүү кызыксыз жана супсак болот. Ар бир мугалим мейли ал жаш мугалим болобу, улуу муундун өкүлү болобу, сабак өтүүдө санарип технологияларын өздөштүргөн, заманбап технологияларды колдоно билүүгө тийиш. Бор менен да мыкты сабак өткөн кесиптештерибиз жок эмес. Бирок заман талабына жараша иштөө менен окуучу күткөн мыкты мугалим болууга далалат кылуу ар бир мугалимдин көкүрөгүндө уюп турган негизги маселеси болуусу шарт.
Элдик педагогика менен нускалап окутуу деген эмне?
Ата мекендик педагогикада не бир асыл кенчтер бар. Мектептерде улуттук ар-намыска, нарк-насилге, ыйман-ызаатка, мекенчилдикке, элдик, салт-санаага, таалимге тарбиялоо өңдүү асыл нерселер көптөн бери колдонулуп келүүдө. Бирок улуттук педагогиканын айрым салаалары көңүл бурулбай, көмүскөдө калууда. Алардын бири – элдик нуска. Мына ушул каражатты биринчилерден болуп, республиканын мектептерине алып чыгып, күргүштөтө колдонгон, андан окутуу ишинде майнап чыгарган мугалим — Бектур Исаков. Демек, нускалап окутуу менен да окуучулардын таалим-тарбиясына мугалим эң жакшы таасир бере алат. Себеби акыл-насаат айтууга караганда, нускалап окутуунун формасы өтө күчтүү. Окуучулардын психологиялык абалы акыл-насаатка караганда, нускалап окутууну жакшы кабыл алышат. Насаат сөздү кээ бири жакшы кабыл алса, айрымдары аны көңүл сыртынан чыгарып, айрымдары жеме катары да кабыл алышат. Ал эми нуска айтуу бул акыл насаат сөз да эмес, кеңеш айтуу да эмес. “Керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук”. Бул нусканын башкы жол-жобосу. Мында калыптануучу жаранды эч качан тике беттебейт. Кептин уңгусу тыңдоочуга тиешесиз өңүттө болот. Жаңдап, жаңсап сүйлөнөт. Байкабаган адам келини эмес керегеси, уулу эмес, уугу жөнүндө кеп кылынып жаткан экен деп коюшу да мүмкүн. Бирок сергек киши дароо эле кеп кереге эмес келин, уук эмес уул жөнүндө баратканын тез эле байкайт. Демек, бул нусканын бир өзгөчөлүгү.
Мугалим сабагы кызыктуу жана таасирдүү болуусу үчүн окуучулардын көңүлүн бурдуруу иретинде сабактын айрым учурларында нускалап окутууну пайдаланса да болот. Нуска кеп – бул демократиялуу каражат. Көпчүлүк пайдаланган дидактикалык курал. Нуска кеп – бул гумандуу мамилеге, башкача айтканда адамга камкордук, боорукерлик кылууга, аны жакшы көрүүгө, сыйлоого негизделет. Нуска кептин артыкчылыгы – бир угуу менен эле эсте сактап калууга мүмкүнчүлүк берет. Мугалим өзү эле нускалап сүйлөбөстөн, окуучуларды да нускалап сүйлөөгө үндөө зарыл. Мындай нуска кептерди “Кыргыз Республикасынын Эл мугалими – Бектур Исаков” аттуу Асыл Озекееванын китебинен таба аласыздар (90-109-беттер).
ШЫКТАНЫП САБАК ӨТӨЛҮ
Өз предметин мыкты билген мугалим шыктанып иштейт. Шыктанып сабак өткөн мугалим окуучуларды да шыктандыра алат. “Окуучулар сабакка кызыкпайт” деген сөздү кээ бир учурда мугалимдер арасында угуп калабыз. Чындыгында, окуучулар сабакка кызыкпайт деген пикир бир жактуудур. Биз мугалимдер балким, сабакты кызыктуу өтө албаганыбызда болуп жүрбөсүн деген маселе да жаралбай койбойт. Андыктан, ар бир мугалим өз кесиптик чеберчилигин өнүктүрүп, изденүүсү зарыл.
“Эч кандай билим берүү системасы ошол системада иштеген мугалимдердин деңгээлинен жогору боло албайт” деген учкул сөздү талдап көрсөк, билим берүүнүн сапаты мугалимдин билим деңгээлинен көз каранды экендиги анык. Мугалимдер мыкты болсо өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө да чоң таасир тийгизет. Андыктан, мугалимдер сабак өтүүдө окуучуларга бардык маалыматты берүүгө аракет кылбастан, ошол теманын негизгисин алып чыгып, өзөктүү окуянын керектүүсүн гана берүүнү үйрөтүүбүз зарыл. Мугалим качанкы алган билими менен чектелип, ошол билим менен гана окуучуга билим берем десе чоң жаңылыштык кылат. Ааламдашуу доорунда санарип технология заманына шайкеш сабак өтүү менен гана кесипкөй мыкты мугалим боло алат. Биринчи кезекте мугалимдин адамгерчилик сапаты бийик болуусу керек. Ата-энелер менен иштөөдө ымала маданияты жогору болуусу зарыл. Жөнөкөйлүк сапат менен мыкты мугалим боло алабыз. Дайыма изденүү менен иштеп, окуучулардын жүрөгүнөн түнөк тапкан мугалим бололу!

Салтанат БЕЙШЕНОВА,
Талас билим берүү усулдук борборунун башчысы
Комментарийлер