ОКУУЧУЛАРДЫН УКУГУ ЖӨНҮНДӨ ӨНӨКТҮК
- 27.11.2024
- 0
Кыргызстанда 25-ноябрда “Аялдардын жана кыздардын укугун коргоо” өнөктүгү башталды. Балдар укугу боюнча өкүлчүлүк Балдар укугун коргоо комитети менен биргеликте уюштурган бул акция “Актоо жок!” деген девиз алдында өтүп жатат.
Эл аралык «Аялдардын жана кыздардын укугун коргоонун 16 күндүк өнөктүгүнүн алкагында окуучулардын мектептеги укуктары боюнча маалыматтык кампания да камтылган.
Акцияны уюштуруучулардын айтымында, мектептерде жана кесиптик билим берүү мекемелеринде балдарга өз укуктары, эмгекке эксплуатациялоо жана гендердик теңчилик принциптерин камтыган маалыматтык иш-чаралардын түпкү максаты — балдар эмгегин эксплуатациялоонун алдын-алуу жана мониторинг жүргүзүү.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 10 айында Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Укук коргоо кызматкерлери буга балдардын ата-энелери миграцияда жүргөнүнүн таасири тийүүдө деп эсептейт. Ал эми алардын жакындары балдардын өлүмүнө айлана-чөйрөсүндөгү буллинг, мектептеги рэкетчилик себеп болгонун айтышат.
Өнөктүк Бишкектен тышкары Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларында да жүргүзүлмөкчү.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер