Окуучулардын билим таймашы

  • 03.12.2024
  • 0

Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинде «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагынан билим таймаш болуп өттү.

Окуучулардын билим таймашы

Билим таймашына мектеп администрациясы, мугалимдер, ошондой 9-класстын окуучуларынан түзүлгөн төрт команда катышып, ар бири диндердин тарыхы, алардын өнүгүү жолдору, дүйнөдөгү негизги диндердин ишенимдери боюнча суроолорго жооп беришти.

Таймаштын жыйынтыгында, 1-орунду — 9-А классы, 2-орунду — 9-Г классы, 3-орунду — 9-Б классы камсыздады.

Иш-чара мектеп мугалими Фуркат Авлиёев тарабынан уюштурулуп, ал катышуучуларга акчалай сыйлык, китептер жана дипломдорду тапшырды.

Окуучулардын билим таймашы

Иш-чара өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына карата жаштардын интеллектуалдык деңгээлин өстүрүү, диндер тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу менен терс агымдардан оолак болууга чакыруу максатында уюштурулду.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер