ОКУУЧУЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРГАН ОЛИМПИАДА

  • 14.04.2025
  • 0

Олимпиаданын негизги максаты таланттуу, зээндүү балдарды аныктоо, колдоо, ошондой эле мыкты мугалимдерди да аныктап, шыктандыруу болуп эсептелет. Быйылкы окуу жылында да жылдагыдай эле аталган сынак төрт этап менен өткөрүлдү.  Бүгүн “Сейтекте” сынактын жыйынтыктоочу  иш чарасы болуп, анда жеңүүчүлөргө диплом тапшырылды.

ОКУУЧУЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРГАН ОЛИМПИАДА

КР билим берүү жана илим министрлигинин мектепте жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси А.Кусейинованын айтымында   Республикалык сынакта 54 окуучу жеңүүчү деп табылып, биринчи, экинчи, үчүнчү орунга бөлүндү. Бул Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө Жобо боюнча Кыргызстандагы экономикалык, медициналык, педагогикалык багыттагы ЖОЖдорго тапшырууда конкурстан тышкары өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Андан тышкары КРнын министрлер кабинети тарабынан чыккан атайын токтомдун негизинде жеңүүчүлөрдү даярдаган мугалимдерге окуу жылы бою биринчи орун үчүн негизги айлык маянасына 10 миң сомдон, 2-орунга 7 миң, 3-орунга 5 миң сом кошумча  шыктандыруучу айлык  төлөнөт. Ал эми Улуттук олимпиаданын максаты эл аралык олимпиадаларга катышуучуларды аныктоо болуп эсептелинет.

-Окуучулар эки аталыштагы олимпиадага бирдей катыша алышат. Чектөө жок. Бул балдардын олимпиадага катышууда тажрыйбасын байытат. Улуттук олимпиада беш предмет: математика, химия, биология, физика жана информатика каралган. Ал дагы төрт этаптан турат. Бирок республикалык олимпиададан  айрымасы эки этап тең онлайн түрүндө өткөрүлөт. Биринчи этапта класстарга, мектептерге чектөө жок. Алар өздөрү онлайн катышып эле, босого балдан өткөндөр  экинчи этапка катышат. Ал эми үчүнчү областтык,  республикалык олимпиада офлайн түрүндө өткөрүлөт. Бүгүнкү күнү Улуттук олимпиаданын жыйынтыгы боюнча беш предметтен 75 окуучу жеңүүчү деп аныкталды. Эл аралык уюштуруу комитети тарабынан беш предмет боюнча квота берилет. Ошого жараша рейтинг боюнча Улуттук олимпиаданы жеңген окуучулар эл аралык олимпиадаларга барып катышуу укугун алат. Катышуучулардын жолдук чыгымдары мамлекеттин эсебинен төлөнүп берилет. Мындан тышкары алдыңкы орунду камсыз кылган окуучуну даярдаган мугалимдерге акчалай  сыйлыктар белгиленген, -дейт А.Кусеинова.

Биз төмөндө билим жарышында алдыңкы орунга чыккан айрым окуучуларды, аларды даярдаган мугалимдерди кепке тарттык.

ОКУУЧУЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРГАН ОЛИМПИАДА

Кылычбек Ураимов,

“Сейтек” STEM мектебинин информатика мугалими, Бишкек шаары:

-Менин даярдаган окуучум Айдарбеков Алихан Республикалык жана Улуттук олимпиада биринчи орунду жеңип алды. Биз негизинен окуучуларды сынакка 7-8-классынан тартып даярдап баштайбыз. Окуучуларбыз көбүнчө эле эл аралык олимпиадага даярданышат. Даярдоодо өзгөчөлөнгөн деле нерсе жок. Болгону окуучулар жайы, кышы, каникул дебей талыкпай эмгек кылышы керек. Эмгекти жыйынтыгы ушундай шартта гана билинет. Мындан тышкары сынакка даярдаган 15 окуучумдун Улуттук олимпиадада 12си,   Республикалык олимпиададан экөөсү алдыңкы орундарга жетишти.

Бообеков Темирлан, Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин окуучусу:

-Мени Улуттук олимпиадага Эркинбеков Темирлан агай даярдады. Химияга 8-класстан бери кызыгып, сынакка даярданып келе жатам. Биз олимпиадага даярдаган атайын программалар менен окуп даярдандык. Мындайча айтканда мектептин программасынан башкачараак болгондуктан агайларыбыз атайын китептерди берет. Ошолорду окуп чыгышыбыз керек. Улуттукта 14-орунду камсыз кылдым. Бул 9-класстын окуучусу үчүн жакшы эле жыйынтык деп ойлоп жатам. Буйруса 10-класста алдыңкы топтогу орунга чыгам деген ишенимим бар.

Алыкеева Назгүл, Токмоктогу  “Үмүт”  кыздар лицейинин мугалими:

-Менин даярдаган 10-класстагы окуучум  Рыскелдиева Динара Республикалык сынакта Кыргыз тили боюнча биринчи орунга чыгып, кубанып тартуулады. Кийинки кездерде Кыргыз тили предметине окуучуларыбыздын кызыгуусу артып турган чак десем жаңылышпайм. Мен даярдаган окуучум да кыргыз тилине аябай  кызыгат. Ошол себептен биринчи орунга чыкты деп ойлойм. Сынакка сентябрь айынан тартып жума сайын тынбай даярдык көрдүк. Усулдук жактан өзгөчө эч нерсе деле жок. Болгону окуучу менен мугалимдин таасирдүү аракети, талыкпаган эмгек талап кылынат.

РЫСКЕЛДИЕВА Динара, Республикалык сынактын жеңүүчүсү:  

-Менин мугалимим Назгүл эжей айткандай биринчиден талыкпаган эмгек керек. Эжей экөөбүз биргеликте аракет кылдык. Эжейимдин сүрөөсү менен алдыга чыгып,  жеңишке ээ болдум.

М.КАЙЫПОВ,

“Кут Билим”

      

Бөлүшүү

Комментарийлер