ОКУУЧУЛАР ЖОЛДО ЖҮРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИН ҮЙРӨНҮШТҮ

  • 23.02.2026
  • 0

Жакында Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинде  «Жолдо жүрсөң сак бол, эрежеге так бол» аттуу иш-чара болуп өттү.

ОКУУЧУЛАР ЖОЛДО ЖҮРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИН ҮЙРӨНҮШТҮ

Класстык саатка мектептин 3-«б»классынын окуучулары катышып, аны мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, башталгыч класстар мугалими Биримкулова Сүйүнбү жогорку деңгээлде даярдады. Сабакта окуучулар жолдо жүрүү эрежелерин окуп үйрөнүү, сактоо ар дайым олуттуу маселе боюнча кала берерин түшүнүштү.
Мугалимге жана анын өнөрлүү балдарына ийгилик каалоо менен мектеп жетекчилиги ыраазылык билдирди.

ОКУУЧУЛАР ЖОЛДО ЖҮРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИН ҮЙРӨНҮШТҮ

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер