ОКУУЧУЛАР БУУ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ

  • 24.10.2025
  • 0

2025-жылдын 24-октябрында  Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинде  БУУнун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата  9-11-класстарда класстык сааттар өтүлдү.

ОКУУЧУЛАР БУУ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ

Анда БУУнун түзүлүү тарыхы, негизги максаттары жана ишмердүүлүгү, эл аралык кызматташтык, тынчтык жана коопсуздукту сактоонун мааниси тууралуу түшүнүктөр берилди.
Класстык сааттарда керектүү материалдарды колдонуу менен окуучуларды дүйнөлүк жарандык, сабырдуулук жана биримдикке тарбиялоо максаты коюлуп, аны жүзөгө ашыруу колго алынды.
Окуучулар менен биргеликте талкуулар жүргүзүлүп, алардын пикирлери угулду жана топтордо иштөө аркылуу өз ойлорун коргошту.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер