ОКУУЧУЛАР “БИЛГЕНИН” БИЛЕРМАНДАРЫ МЕНЕН ТАЙМАШТЫ

  • 13.02.2023
  • 0

Өткөн жумада Сокулук районунун мектеп окуучулары И.Арабаев атындагы КМУнун тарых фаультетинин студенттеринин «БИЛГЕ» уюму уюштурган «БИЛГЕ» билим сынагына катышты.

И.Арабаев атындагы КМУда болуп өткөн билим таймашы окуучулардын кыргыз тарыхына кызыгуусун арттыруу, мектептер арасындагы байланыштарды күчөтүү, мектеп менен жогорку окуу жайдын ортосунда байланыш түзүү, жаштарды элибиздин тарыхына кызыктыруу, үлгү-өрнөк алууга үндөө, келечекте кыргыздын чыгаан атуулу болушу үчүн ар бир улан-кыз элибиздин тарыхын билүүсү зарыл экендигин эске салуу, жаштардын улуттук аң-сезимин жогорулатууга өбөлгө түзүү максатын көздөдү.

ОКУУЧУЛАР “БИЛГЕНИН” БИЛЕРМАНДАРЫ МЕНЕН ТАЙМАШТЫ

Сынакка жалпысынан 27 топ катышты. «Өлкө келечегин өргө сүйрөйбүз» деген изги мүдөө-тилегин билдирген балдар билимине билим кошуп, сыйлыктарга ээ болуп кайтышты.

Жыйынтыгында биринчи орунга Сокулук районундагы Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары ээ болуп, сертификаттар жана “Кызыл кыргыз тарыхы” атуу китеп менен сыйланды. 2-орунду ээлеген Новопавловка айылындагы Ч.Айтматов атындагы №1 инновациялык окуу-тарбия берүү комплекс лицейинин окуучуларына сертификат жана “Улуттун улуу уулу” аттуу китеп ыйгарылды. Ал эми 3-орунду ээлеген  К. Шопокова атындагы №3 орто мектептин окуучулары ошондой эле сертификат жана “Кут алчу билим” китебин сыйлыкка алышты.

ОКУУЧУЛАР “БИЛГЕНИН” БИЛЕРМАНДАРЫ МЕНЕН ТАЙМАШТЫ

Жекелик таймашта “Билгенин билерманы” аталган Новопавловка №2 мектеп-лицейинин 10-классынын окуучусу Жибек Сүйүналиева сертификат жана Азиретали Барпиевдин Ю’туб вип курсуна жолдомо алды.

А.КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер