ОКУУЧУЛАРДЫН АНГЛИС ТИЛИ ЖАКШЫРУУДА
- 15.09.2023
- 0
Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары Американын Вирджиния штатынан келген 22 жаштагы Виллиям Женкинс (William Jеnkins) менен иш алып барууда.
Виллиям мектеп окуучулары үчүн атайын ийрим ачып, англис тилин үйрөтүүдө. Тил алып жүрүүчү менен иштөө окуучулар үчүн абдан кызыктуу болууда.
Аталган мектептин чет тили сабагынын мугалими Канымжамал Жуматаеванын айтымында, ыктыярчы менен иш алып баруу үчүн алар Тынчтык корпусуна кайрылуу кылышкан.
- Биз былтыркы окуу жылында Тынчтык корпусуна ыктыярчы менен иш алып барууга атайын кайрылуу киргизгенбиз. Жайында мугалимдерге атайын семинар уюштуруп, ыктыярчылар менен иш алып баруу боюнча окутуулардан өттүк. Азыркы тапта мектебибизде Виллиям менен иш алып баруудабыз, — деди.
Жалпысынан Кыргызстанга 26 ыктыярчы келип, атайын окуудан өтүп, ар кайсы региондорго бөлүштүрүлгөн. Нарын облусу боюнча жети ыктыярчы бөлүнгөн.
Тынчтык Корпусунун англис тилин чет тили катары окутуу (АЧКО) долбоору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин негизги өнөктөшү болуу менен мугалимдердин, окуучулардын, жамаат мүчөлөрүнүн билимин жана кесипкөйлүгүн англис тилин окутуу ыкмаларын жакшыртуу аркылуу жогорулатууга багытталган.
Ыктыярчылар мамлекеттик жалпы билим берүү мектептерининде катардагы англис тил мугалими болуп эмгектенишет. Алар жергиликтүү мугалимдер менен биргеликте англис тил сабагын чогуу пландаштырып өтүшөт. Жергиликтүү мугалим сабакта өзүнүн педагогикалык тажрыйбасын пайдаланса, америкалык ыктыярчы англис тилинде эркин сүйлөөчү катары жана бөлөк билим берүү системада окуган тажрыйбасын бөлүшүү менен өз салымын кошот. Америкалык ыктыярчы менен жергиликтүү мугалим ыкмалары жана тажрыйбалары менен бири-бирин толуктап турат.
Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”
Комментарийлер