Мектепте агрессияга жол жок. Окуучуга кол көтөргөн мугалим иштен алынды

  • 19.01.2026
  • 0

Мектеп — бул жалаң эле сабак окула турган жер эмес, биринчи кезекте инсанды калыптандыра турган коомдук чөйрө. Мектептеги моралдык-психологиялык климат, окуучунун өзүн коопсуз сезиши, мугалим менен болгон ишенимдүү мамиле — билим берүүнүн сапатына түздөн түз таасир эткен факторлор. Ушул контекстте мугалимдин эмоциясын, айрыкча ачуусун башкаруу маселеси өзгөчө мааниге ээ.

Кыргыз мектептеринде мугалимдердин жүктөмү, түйшүгү оор: Ашыкча шыкалган класстар, отчеттор, ар кандай жыйындар, ата-энелер менен байланыш. Ал аз келгенсип директор оюна келген тапшырманы берген учурлар аз эмес. Мындай шартта эмоциялык чарчоо жаралып, ал туура башкарылбаса, агрессияга айланып кетерин көп эле көрүп жүрөбүз.  Бишкектеги мектепте окуучуга кол көтөргөн мугалимдин окуясы мунун кашкайган мисалы. Бул баланын укугунун бузулушуна, психологиялык басмырланышына  алып келип, аягы мугалимдин жаманатты болуп мектептен кетиши менен аяктады.

Мектепте агрессияга жол жок. Окуучуга кол көтөргөн мугалим иштен алынды

Ачуу — душман, акыл — дос

Психология илими ачуу кайнаган сезим ар бир адамда болорун танбайт. Бирок педагогикалык кесипте ал сезимди сыртка чыгаруунун формасы өзгөчө жоопкерчиликти талап кылат. Мугалим эмоциясын башкара албай, кастык тилин окуучуга агытканда, ал тарбиялык эмес, тескерисинче, басмырлоочу ээнбаштыкка айланып кетиши мүмкүн.

Бишкек шаарындагы №87 мектептеги кейиштүү окуя муну айкын көрсөтөт. Сабак учурунда жооп берүүгө чыккан окуучуну сабак билбейсиң деп мугалим тилдеп, кемсинтип, кол көтөрүүгө чейин барган. Бул көз ирмем тартылган видео интернетте социалдык желеде желдей тарап, бүт коомчулукту беймаза кылды. Ал эми мугалимден тил угуп, таяк жеген окуучуга башка мугалимдер жакшы окуйт  деген мүнөздөмө беришти. Окуяны үстүртөн караган көп адамдар мугалимди милицияга сүйрөп, бүт элден кечирим суратып сындырыштын кереги жок эле, мектепте эскертүү берип, түшүндүрүп коюу жетиштүү болмок деп мугалимге жан тартып жатышты. Бирок, Агартуу министрлиги дароо реакция жасап, иликтөө жүргүзгөндө жаманатты болгон мугалим мурда эле ушундай кол көтөрмөй адаты бар экени мектептин педагогикалык жамаатына бештен белгилүү экени ачыкка чыкты. Демек, буга чейин да эскертүүлөрдү алган, бирок бул кемчилигин оңдоо аракети болгон эмес.

Кандай гана кырдаал болбосун, мугалим баланы кемсинтип кол көтөрүүгө чейин барганы эч бир педагогикалык эрежеге да, этикага да сыйбайт. Бул мурдагы феодалдык кылымдарда болуп келген «эти сеники, сөөгү меники» деген патриархалдык мамиленин нак өзү.

Агартуу министрлиги республиканын ар бир мектебинде балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келатканын билдирди.

«Мындан ары да бул багыттагы иштерди күчөтүү улантылат. Окуялардын алдын алуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга багытталган тренингдерди өткөрүү үчүн билим берүү уюмдарына психологдор жөнөтүлөт»,-деди министрлик.

Кубат Чекиров, «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер