ОКУУ КИТЕПТЕРИН ЖАҢЫЛОО: СИСТЕМАЛУУ КАДАМДАР ЖАНА САНАРИПТИК ӨНҮГҮҮ
- 22.12.2025
- 0
Эгерде акыркы сегиз жылда жалпы 3 742 461 окуу китеби басылып чыкса, 2025-жылы эле 4 391 810 окуу-методикалык комплекси басылып чыкты. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу 17% көп.
“Окуу китеби” мамлекеттик мекемесинин автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматы боюнча, 2025-2026-окуу жылынын башталышына карата мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунда 13 110 959 окуу китеби болгон, бул жалпы керектөөнүн 84,8% түзөт.
Алсак, Баткен облусу 86,40%, Жалал-Абад — 85,10%, Ысык-Көл — 85,23%, Нарын — 87,76%, Ош — 86,39%, Талас — 86%, Чүй — 84,79%, Бишкек шаары — 82,46%, Ош — 83,68% китеп менен камсыз болду.

Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемеси бир жыл ичинде окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу, басып чыгаруу жана билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыз кылуу багытында системалуу иштерди жүргүздү.
Жыл ичинде эл аралык тажрыйбаны билим берүү системасына киргизүү негизги багыттардын бири болду. 2024-жылы “Маршалл Кавендиш” басмасы менен түзүлгөн меморандумдун алкагында табигый илимдер, математика жана англис тили предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерди мөөнөтсүз колдонуу укугу алынган. Бул кадам заманбап мазмундагы “Англис тили”, “Математика” жана “Табигый илимдер” предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууга жана басмага даярдоого шарт түздү.
Мамлекет тарабынан окуу китептерин басып чыгарууга 744 млн сом бөлүнүп, бул каражат билим берүү тармагына болгон туруктуу инвестицияны айгинеледи. Анын алкагында 3–9-класстар үчүн “Англис тили” окуу комплекстери 1 917 570 ашуун нускада басылып чыгып, өлкө мектептерине жеткирилди.
Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн билим берүү уюмдары үчүн 1-, 2-, 5- жана 7-класстарга арналган “Математика” жана “Табигый илимдер – мен жана дүйнө” предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстер англис тилинен которулуп, жергиликтүү шартка ылайыкташтырылды. Бул комплекстер редакциялоо жана корректуранын бардык баскычтарынан өткөрүлүп, басмага берилди. Натыйжада, 1–2 жана 5-класстар үчүн Математика окуу комплекстери, ошондой эле 1–2-класстар үчүн Табигый илимдер боюнча окуу китептери менен иш дептерлер “Учкун” ААК басмаканасынан басылып чыгып, аймактарга таратылды.
Мындан тышкары, 7-класс үчүн “Математика” окуу-методикалык комплекси басылуу процессинде турат, ал эми 5–7-класстар үчүн “Табигый илимдер” предмети боюнча окуу-методикалык комплекстерди тираждоо боюнча иштер уланууда.
2025-жылы эл аралык кызматташтык дагы бир багытта бекемделди. Россия Федерациясынын “Просвещение” акционердик коому менен биргеликте 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн орус тили жана окуу, орус тили, орус адабияты предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстер адаптацияланып, экспертизадан өттү. Китептер Россиядан 651 000 даанада басылып чыгып, республикадагы жалпы билим берүү уюмдарына жеткирилди.
Ошол эле учурда келечектеги окуу китептеринин базасын түзүү иштери да көңүл борборунда болду. Атайын түзүлгөн жумушчу топ 3-, 4-, 6- жана 8-класстар үчүн “Математика” жана “Табигый илимдер” предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерди адаптациялоо иштерин жүргүзүүдө. Мындан тышкары, “Кыргыз тили” (эне тили жана экинчи тил катары), тарых жана география предметтери боюнча окуу китептеринин авторлорун тандоо үчүн ачык сынактын концепциясы жана техникалык талаптары иштелип чыгып, авторлорду тандоо процессинин экинчи этабы башталды.
Санариптик билим берүү ресурстары 2025-жылы өзгөчө мааниге ээ болду. kitep.edu.kg электрондук платформасында 11 жылдык жана 12 жылдык окуу программалары үчүн кыргыз жана орус тилдеринде жалпы 282 электрондук окуу китеп жеткиликтүү болду. Алардын катарына окуу китептери, мугалимдер үчүн колдонмолор, окуучулар үчүн иш дептерлер жана кошумча материалдар кирет. Платформанын жалпы көрүүлөрүнүн саны 13 миллиондон ашып, электрондук окуу ресурстарынын билим берүү процессиндеги ордун айкын көрсөттү. Ошондой эле англис тили предмети боюнча Pupil’s Book категориясындагы окуу китептерине аудиоматериалдар жүктөлдү.
Жыл ичинде дагы бир маанилүү санариптик долбоор — “Китеп кура” платформасынын (https://kitepkura.edu.kg/) ишке кириши. Бул сайт тарых, кыргыз тили жана география предметтери боюнча окуу китептеринин авторлорун ачык-айкын тандоого багытталган.
2025-жыл “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемеси үчүн мазмундуу жаңылоо, эл аралык тажрыйбаны киргизүү жана санариптик чечимдерди кеңейтүү жылы болду. Бул иштер өлкөнүн билим берүү системасын заманбап талаптарга шайкеш өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүү стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 1056-т тескемесин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 546 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даяроо менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык “Учкун” ачык акционердик коому менен 2025-жылдын 8-декабрында № 22/01-3 келишими түзүлдү.
Айгерим Токтобай кызы
Комментарийлер