ОКУУ КИТЕПТЕРИН ПАЙДАЛАНУУ ЭРЕЖЕСИ ӨЗГӨРДҮ

  • 27.09.2023
  • 0

Окуучулар кайсы автордун китебин колдонорун мугалимдер тандайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана китеп басып чыгаруу секторунун башкы адиси Самат Тоялиев билдирди.

Мурда билим берүүнүн өзөгүн аныктаган документтер, тактап айтканда, «Билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары» жана «Предметтик стандарттар» деген эрежелер ар беш жыл сайын алмашып турчу. Ага ылайык, кээ бир предметтерге көбүрөөк, айрымдарына азыраак алымча-кошумча киргизилип, ар беш жылда китептер кайрадан басылып чыгып турган. Бул ата-энелердин нааразычылыгын жаратып келгенин белгилеген Самат Тоялиев, билим берүү тармагына тиешелүү беш мыйзам бириктирилип, бирдиктүү мыйзам кабыл алынгандан тарта окуу китептерине зарыл болгон учурда гана өзгөртүүлөр киргизилет деген эреже иштей баштаганын айтты.

— Ушул жылдын август айында Өлкө башчысы билим берүү тармагынын ишин жөнгө салуучу мыйзамга кол койду. Ага ылайык, эми окуу китептери ар беш жыл сайын өзгөрүп турбайт. Зарылчылык жаралган кезде гана окуу программасына ылайык алымча-кошумча киргизилет. Мурдагыдай былтыр агасы колдонгон китепти быйыл карындашы колдоно албай калган кыйынчылыктар жаралбайт. Министрлик жаңы стандарттарга ылайык китептерди толуктап, жок китептерди иштеп чыгып, жетишпегендерин көбөйтсө, абал жөнгө салынып, окуу китептери алмашып же жетишпеген көйгөйлөр жаралбай калат. Экинчиден, мектепте кайсы автордун китеби менен окутууну мугалимдер тандай турганын да унутпасак. Ошондуктан кээ бир жеке мектептер башка авторлорду тандап, мамлекеттик же муниципалдык орто мектептеги китептерден айырмаланып калышы ыктымал. Келечекте министрлик авторлор менен иштешип, балким мурдагыдай эле ачык конкурс жарыялап, эмгеги жакшылардыкын тандап алуу менен китептерин чыгарышы ыктымал” — дейт.

Эскерте кетсек, министрликтин алдындагы «Окуу китеби» деген илимий-практикалык борбору аларга келип түшкөн кол жазмаларга төрт багытта — илимий-педагогикалык, гендердик, антидискриминациялык жана практикалык-педагогикалык экспертизаларды жүргүзөт.

А.Кашыбаева,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер