ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН ТРЕНИНГ-СЕМИНАР

  • 12.01.2024
  • 0

9-12 январь күндөрү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Жашыл экономика” боюнча тренинг-семинар болуп өттү.

ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН ТРЕНИНГ-СЕМИНАР

Аталган тренинг-семинар  КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун алдындагы “Жашыл технологиялар жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу башкаруу” борбору жана AFC Германиялык консалтинг компаниясы тарабынан уюштурулуп, «Кыргыз Республикасында жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктурүү» GIZ программасы колдоого алган.

Иш-чаранын ачылышында И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева жашыл экономика программасына жогорку окуу жайларынын катышуусунун өзгөчө маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун баса белгиледи.

ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН ТРЕНИНГ-СЕМИНАР

 

Тренингдин максаты — Кыргызстанда иштелип чыккан “Жашыл экономика” курсун башка жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен ой бөлүшүү. Аталган курс эки кредитке ылайыкташтырылган жана климаттын өзгөрүүсү, көмүртек издери, энергия системалары, жашыл технологиялар, туюк экономика, экосистема кызматтары жана башка темаларды камтыйт. Тренингдин жыйынтыгында, анда өткөн жана талкууланган курстун материалдарын окутуучулар башка дисциплиналарга интеграциялоо же толук бойдон университеттердин окуу программасына киргизүү болуп саналат.

ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН ТРЕНИНГ-СЕМИНАР

Жалпысынан, бул тренинг-семинарга республика боюнча Талас мамлекеттик университетинен, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен, К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинен, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинен, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинен, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен, Ж.Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынан, Борбордук Азиядагы Америка университетинен, ЕККУдан 34 адам катышты.

Тренинг-семинар жыйынтыкталып, долбоордун жетекчиси Торстен Свобода жана Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев катышуучуларга сертификаттарды тапшырды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер