ОКУГАН МУГАЛИМ — ОКУГАН ОКУУЧУНУ ТАРБИЯЛАЙТ
- 09.03.2026
- 0
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү райондун мугалимдери арасында китепкөйлүктү жайылтуу максатында «Окуган мугалим — окуган окуучуну тарбиялайт» аттуу китеп окуу сынагынын башталгандыгын жарыялайт!

Маалыматка таянсак, сынактын негизги максаты — санариптик доордо кесиптик багыттагы китеп окуу менен тажрыйба алмашуу; китеп окуу аркылуу педагогикалык чеберчиликти арттыруу; мугалимдерди колдоо, дем-күч берүү; мугалимдер арасында китеп тууралуу пикир алмашуу аянтчасын түзүү.
Катышуучулар тажрыйбасына карап үч муунга бөлүнөт. Ар бир муун өзүнчө китеп окушат.
— Жобосу бекитилип жалпы билим берүү мектептерине жиберилди. «Китеп окуган адам — китеп окубаган миңдеген адамдардан бийик турат». Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү бардык катышуучуларга ийгилик каалайт! Ар бир окулган китеп — сиздин келечектеги ийгилигиңиздин пайдубалы, — деп жазылган маалыматта.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер