ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДАДА ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНУН ОКУУЧУЛАРЫ ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

  • 04.03.2026
  • 0

2026-жылы өткөрүлгөн облустук олимпиаданын жыйынтыгында райондун 4 окуучусу байгелүү орундарды багындырып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана терең билимге умтулуусун далилдешти.

ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДАДА ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНУН ОКУУЧУЛАРЫ ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

 

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Таалайбековдун маалыматына караганда,  №11 Саймалуу-Таш жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу Жыпарбекова Беназир кыргыз тили жана адабияты сабагынан I орунду камсыздап, республикалык этапка жолдомо алды. Окуткан мугалими — Мааткеримова Гүлсаадат Токтобековна. Ошондой эле республикалык этапка жолдомо алган №1 Т. Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу Каттообеков Рахатхан англис тили предметинен мыкты жыйынтык көрсөттү. Мугалими — Асанова Рабилла.

ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДАДА ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНУН ОКУУЧУЛАРЫ ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДАДА ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНУН ОКУУЧУЛАРЫ ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДАДА ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНУН ОКУУЧУЛАРЫ ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

— Мындан сырткары, орус тили жана адабияты, кыргыз тили жана адабияты сабактарынан III орунду №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу Аттокурова Перизат жана №2 А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу Исаева Амина багындырышты. Окуткан мугалимдери — Сулайманова Нурайым Темирболотовна жана Жусуева Светлана Калмаматовна. Жеңүүчүлөрдү даярдаган предметтик мугалимдердин үзүрлүү эмгеги өзгөчө белгиленип, аларга ыраазычылык билдирилди. Ошондой эле окуучулардын ийгилигине шарт түзүп, сапаттуу билим берүү багытында үзгүлтүксүз иш алып барып жаткан мектеп жетекчилери да сыйланды. Бул жетишкендик — райондук билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан системалуу иштин, мугалимдердин талыкпас эмгегинин жана окуучулардын тынымсыз аракетинин жыйынтыгы болуп саналат.  Районубуздун намысын коргоп, ийгилик жараткан окуучуларыбызды жана алардын устаттарын чын жүрөктөн куттуктайбыз! Алдыдагы республикалык этапта да жогорку көрсөткүчтөрдү багындырат деген ишенимдебиз, — дейт жетекчи.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер