НУРЗИДА КАСЫМОВА: «БАЛА БАКЧАДА БААРЫ ОЮН АРКЫЛУУ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ»

  • 18.08.2025
  • 0

Мектептеги билим берүүнүн мазмуну бүтүндөй жаңыланып, мугалимдердин квалификациясы жогорулатылып, бүтүндөй мектеп 12 жылдык билим берүү этабына өтүп жатканда мектепке чейинки билим берүү системасы кандай өзгөрөт? Ал үчүн кандай мамлекеттик стандарттар жазылат? Кандай программалар менен ишке ашырабыз? 12 жылдык билим берүүдө балдар канча жашка чейин бала бакчаларда болот? Ош шаарында өтүп жаткан мугалимдердин республикалык август форумунда ушул сыяктуу суроолорго Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Касымова Нурзида Абабакировна жооп берди.

НУРЗИДА КАСЫМОВА: "БАЛА БАКЧАДА БААРЫ ОЮН АРКЫЛУУ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ"

— 12 жылдык билим берүүнүн алкагында мектепке чейинки билим берүүдө да бир торп жаңылануулар киргизилди. Ушул жаңылануулар боюнча азыркы учурда  мастер класстар өтүлүп башталды. Бизде эң эле биринчи кезекте мамлекеттик билим берүү стандарты кабыл алынды. Ошол стандарт кандай өзгөрдү? Мындан ары буга чейин 6 жашка чейин 7 жашка чейин балдар 1-класска барса, азыр 6 жашка чейинки балдар 1-класска барып жатат.  Андан  сырткары, балдардын жаш курагы эле өзгөрбөстөн, ичиндеги мазмун дагы, окутуу программасы дагы балага багытталган болуп өзгөрүп жатат. Буга чейин мугалимдер, тарбиячылар өзүнүн жөндөмдөрүн, билимдерин берип келген болсо, азыр бизде өзгөрүүнүн очогунда бала турат.  Бала чыныгы билимди өзү түшүнүп,  өзү кабыл алып чечим чыгара ала турган болушу керек. Балдарды тарбиялоодо бизде ушундай модель иштелип чыкты. Биз келечекте мектепти бүткөндө бала кандай болушу керек, бала бакчаны бүткөндө кандай болушу керек дегенге айкын жоопторду издеп жатабыз. Алардын үзгүлтүксүздүгүн  12 жылдык билим берүүнүн алкагында камсыздап жатабыз.
Баланы тарбиялоо методикасы да өзгөрүп жатат. Ошондой эле буга чейин мамлекеттик билим берүү стандарты турса деле атаандашып туруп эле 1-класска барганда,  балдар эки тамганы кошуп окуп калышы керек же болбосо сандарды санап калышы керек, кошушу керек, кемитиши керек деген түшүнүктөрдү дагы ашыкча кабыл алып алган болсок, бүгүнкү күндө бала бакчаны бүткөн бала эмнени билиши керек деген так көрсөтмө мамлекеттик билим берүү стандартында киргизилген. Ооба, бала мекенчил болушу керек, патриот болушу керек, көп кырдуу болушу керек, көп тилдүү болушу керек. Ушул талаптардын баары мамлекеттик билим берүү стандартында киргизилген. Андар сырткары, биз азыр жашыл көндүмдөр боюнча  экологиялык кыйроолорду алдын алуу боюнча бала бакчадан баштап балдарды тарбиялоонун методикасын киргизип жатабыз. Мисалы, ар бир нерсени үнөмдөп колдонууга дагы үйрөтүп, кайра иштетүү деп коёбуз, кайрадан иштетип чыкканда жаратылышта баягы ашыкча нерсе болбойт, ар бирин кайра иштеп чыкса болот, же болбосо бала бакчадан курулуш, келечектин курулушчусу, келечектин жазуучусу, акыны, же болбосо жанагы финансылык сабаттуу балдарды тарбиялоо — биздин негизги башкы максатыбыз.
Азыр биз  татаалдан жөнөкөйгө карап баратабыз, жөнөкөйлөтүп атабыз. Бирок ошол эле учурда кыска аралыкта мектепке даярдап беришибиз керек деген түшүнүк дагы болуп атат.
Билим жөнөкөйдөн татаалга карап барат. Бала бакчада сабак иретинде окубайт. Булар сөзсүз түрдө жеңилдетилет. Бардык нерсени оюн аркылуу кабыл алышат. Оюн аркылуу команда менен иштегенди үйрөнөт. Оюн аркылуу социалдашат, адаптацияланышат. Бардык бала бакчанын иш процесси оюн аркылуу жүргүзүлөт. Жаратылышты сүйүү дагы оюн аркылуу жүргүзүлөт.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер