СТУДЕНТ НУРЗАТ НУРТАЕВА ЖАШТАР АРАСЫНДА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

  • 24.10.2025
  • 0

Сүйүнчү! Сербия өлкөсүнөн кубанычтуу кабар келди.

 23-октябрдын түнүндө Бейшен Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия жана спорт академиясынын студенти Нурзат Нуртаева кыз-келиндер күрөшү боюнча  23 жашка чейинки жаштар арасында дүйнө чемпиону болуп, алтын медаль тагынды!

СТУДЕНТ НУРЗАТ НУРТАЕВА ЖАШТАР АРАСЫНДА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

Podium 72kg WW — Gold: Nurzat Nurtaeva (KGZ)

Ушул күндөрү Сербия өлкөсүнүн Нови Сад  шаарында спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинки жаштар арасында дүйнө чемпионаты курч мүнөздө өтүп жатат. Кыргызстандын намысын коргогон Нурзат Нуртаева 23 жашка чейинки балбан кыздар арасында 72 кг салмакта күч сынашып, Дүйнө чемпиону болуп, алтын медаль  тагынды. Нурзат алгачкы беттешинде германиялык Лаура Кёлерди 6:1 эсебинде утуп алган.

СТУДЕНТ НУРЗАТ НУРТАЕВА ЖАШТАР АРАСЫНДА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

Чейрек финалда орусиялык Лилиана Рожинаны 2:2 эсебинде, упайдын артыкчылыгы менен жеңген.  Ал эми жарым финалдык беттеште  жапониялык Махиро Йошитакени 6:3 эсебинде утуп, баш байгеге талапкер болгон.  Финалда алтын медаль үчүн чечүүчү беттеште америкалык Жасмин Робинсондон алгач 10:3 эсебинде утулуп жатып, калып, каармандыгын, шамдагайлыгын, чеберчилигин көрсөтүп, 11:10 эсебинде жеңишке жетип, дүйнө чемпиону аталды. Анын атаандашы америкалык  Жасмин Робинсон 2023-жылы өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, 23 жашка чейинкилер арасында Панамерикалык чемпион жана 2024-жылы өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпиону болгон. Бул спортчу балбан кыздар  буга чейин бири бири менен жолуккан эмес.

Ошентип Нурзат Нуртаева 23 жашка чейинкилер арасындагы  кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугун уткан экинчи кыргызстандык балбан кыз болду.  2021-жылы жаштар арасында Айпери Медет кызы дүйнө чемпиону болгон.

СТУДЕНТ НУРЗАТ НУРТАЕВА ЖАШТАР АРАСЫНДА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

Нурзат Нуртаева өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, Азия оюндарынын күмүш  медаль тагынган. Ошондой эле 23 жашка чейинки балбан кыздар арасында Азиянын эки жолку чемпиону.   2023-жылы Шериктеш мамлекеттердин оюндарынын чемпиону да болуп саналат.  Быйыл 2025-жылкы чоңдор арасында дүйнө чемпионатына да катышып, коло байгенин ээси болгон.

Нурзатты кыздар күрөшүнө алып келип,  күрөш ыкмаларын үйрөтүп, чеберчилигин өстүрүп, табына келтирип таптап, чоң спорттогу тушоосун кесип,  ушундай жеңиштерге жетүүсүнө зор салым кошкон жеке устаты, Кыргызстанган эмгек сиңирген машыктыруучу Үсөнаалы Рыскулов болуп саналат. Анын уулдары Максат менен Азамат дагы эркин күрөш боюнча машыктыруучу болгондуктан Нурзатка күрөш ыкмаларын, тактика жана күрөштүн техникасың үйрөтүп жүрүшөт. Максат Рыскулов дагы Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу.

СТУДЕНТ НУРЗАТ НУРТАЕВА ЖАШТАР АРАСЫНДА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ-Нурзат жакында эле Хорватияда өткөн чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатында коло байгени утуп алгандыктан, жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында лидер болуп, чемпиондук наамга максатына жетти. Анын күчтүү жактары — өжөрлүгү жана туруктуулугу. Ал өжөрлүгүнүн аркасында финалда  америкалык атаандашына утулуп жатып, кайраттуулугун көрсөтүү менен акыркы секунддарда эсепти 11:10 кылып, дүйнө чемпиону аталып, намысты бийик көтөрүп кетти», — деди даңазалуу устат Нурбек Изабеков.

СТУДЕНТ НУРЗАТ НУРТАЕВА ЖАШТАР АРАСЫНДА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

Кыргыз Туусун дүйнөлүк аренада бийик көтөрүп, жеңишинин урматына Кыргыз Гимнин жаңырткан Нурзат Нуртаеваны алтын медалы, ошондой эле кыз-келиндер командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен улук машыктыруучу Нурдин Донбаевди жана Нурзаттын жеке машыктыруучусу Үсөнаалы Рыскуловду  жеңишке зор салым кошкону  менен куттуктайбыз!

СТУДЕНТ НУРЗАТ НУРТАЕВА ЖАШТАР АРАСЫНДА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

-Нурзат  Талас облусунун мурдакы Кара-Буура азыркы Айтматов районунун Бейшеке айыл өкмөтүнө караштуу мурдакы Молотов учурдагы Кара-Буура айылынан болот. Беш бир тууган: үч эркек, эки кыз.  Өзүнөн улуу эки агасы Кайрат менен Мирзат жана эже Гүлзат бар.  Нурзат бир туугандардын төртүнчүсү. Өзүнөн кичүү Бекзат деген иниси бар.  Атасы  Алымкул 59 жашында  мурдагы жылы каза болуп калган. Апасы Жайнагүл -пенсияга чыгып, неберелерин багып айылыда.  Нурзат быйыл Бейшен Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия жана спорт академиясынын бүтүп,  эркин күрөш машыктыруучусу деген диплом алмак.  Кыргызстандын намысын бийик койгондуктан Вьетнамда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатына, Хорватияда болгон чоңдор арасындагы дүйнө чемпионаттарына даярдык көрүп, окууну кийинки жылы бүтмөк болду. Эми 2026-жылы Жапонияда өтүүчү Азия оюндарына даярдык көрөбүз. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн шакирт кыздарымдын бири, -дейт жеке устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Үсөнаалы Рыскулов.

СТУДЕНТ НУРЗАТ НУРТАЕВА ЖАШТАР АРАСЫНДА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУНурзатты айылда алгач ирет күрөшкө кызыктырып, ыкмаларды үйрөткөн биринчи устаты, Кыргызстанга эмгек сиңиррген машыктыруучу Улан Раманкулов болуп саналат.

-Өспүрүм кезинде  күрөш менен машыкканына 8 ай болгондо эле өлкө биринчилигине катышып, биринчи орунду ээлеп, Таиландда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатына катышып, күрөшкө болгон кызыгуусу арткан. Ошол Азия чемпионатына демөөрчү таап, өзүм жөнөткөм. Чоң спорттогу алгачкы кадамы, беттешүүсү ошол Азия биринчилиги болгон. Мында менин дагы бир шакиртим Нураида Анаркулова байгелүү орунду ээлеп келген, -дейт биринчи устаты Улан Раманкулов.

СТУДЕНТ НУРЗАТ НУРТАЕВА ЖАШТАР АРАСЫНДА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУУчурда Сербиядагы дүйнө чемпионатынын бешинчи күнүндө кыз-келиндер арасындагы мелдеш уланып, килем үстүндөгү таймашууларга эркин күрөш боюнча  жаш балбандар да чыгат. Кыз-келиндер 53, 59 жана 62 кг салмакта күч сынаса, эркин күрөш боюнча 74 жана 92 кг салмакта таймашуулар башталат. 59 килограмм салмакта  дүйнө чемпинону, олимпиаданын күмүш жана коло байге ээси Мээрим Жуманазарованын сиңдиси Сезим  алгачкы беттешинде орусиялык Екатерина Радышева менен беттешип, атаандашына бир упай менен алдырып койду. Эгерде орусиялык балбан кыз финалга чыкса, Сезим коло байгеге талапкерлердин күч сынашуусуна катышуусу мүмкүн.

Жаш жигиттер арасында 74 кг салмакта Байтемир Түлөбердиев Никита Морхун менен беттешет. 92 килограмм салмакта Улукбек Сооромбеков армениялык Кнуаз Ибоян менен беттешет. Алдын ала мыкты балбандарды иргеп алуу беттештеринде мөрөй талашууда.

Жаш балбандарга ийгилик, жеңиштерди каалайбыз!

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер