Нурланбек Шакиев: “Мугалимдердин айлыгы депутат менен министрлердикинен кем болбошу керек”

  • 08.07.2024
  • 0

8-июлда  Жогорку Кеңеш төрагасы Нурланбек Шакиев Алай районундагы иш сапарынын алкагында Гүлчө айылында жайгашкан №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернаттын абалы менен таанышты. Ошондой эле курула турган футбол аянтчасынын пайдубалына капсула салды.

Нурланбек Шакиев: “Мугалимдердин айлыгы депутат менен министрлердикинен кем болбошу керек”

Алсак, аталган мектептин имараты 1977-жылы курулган. Былтыр Төраганын Алай районундагы иш сапары учурунда мектептин чатырын алмаштыруу жана футбол аянтчасын куруп берүү өтүнүчү айтылган. Ага ылайык, өткөн жылы чатыры толугу менен жаңыланган. Ал эми бүгүн футбол аянтчасынын пайдубалы түптөлдү. Андан тышкары, волейбол жана баскетбол аянтчалары да жасалат.

Иш-чаранын алкагында жергиликтүү эл жана мектеп жамааты менен жолугушкан Төрага: “Акыркы жылдары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, бюджеттен көп каражаттар бөлүнүүдө. Жаңы мектептер салынып, эскилери оңдолуп, агартуучулардын айлык маянасы көтөрүлүүдө. Бирок, билим берүүнүн сапаты начар бойдон калып жатканы өкүндүрөт. Андыктан, сапатты көтөрүү багытында комплекстүү иштерди алып барып, мугалимдердин да жоопкерчилигин жогорулатуу менен келечек ээлерине татыктуу таалим-тарбия берүүбүз кажет. Эгер биз билим берүүнүн сапатын көтөрө албасак келечегибиз бүдөмүк бойдон калат. Өлкөбүздү алдыга жылдыра албайбыз. Билимдүү коом менен гана өнүккөн өлкө курулат”, – деди.

Нурланбек Шакиев: “Мугалимдердин айлыгы депутат менен министрлердикинен кем болбошу керек”

Бирок мугалимдердин айлыгын көтөрүү иштери дагы улантыларын айткан Нурланбек Шакиев: “Агартуучулардын маянасы депутаттар менен министрлердикинен кем болбошу керек. Ошондо гана мыкты мугалимдерди мектептерге тартып, кадрлардын жетишсиздигин жое алабыз”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу да сөз кылган төрага өндүрүштүк жайлар ачылып, көптөгөн иш орундары түзүлүп жатканына токтолду.

“Азыркы тапта жумушчу күчүнө болгон муктаждык артып, айрыкча жеңил өнөр жай тармагында адистердин жетишсиздиги байкалууда. Андыктан, чет жерде жүргөн мекендештерибизди Кыргызстанга кайтып, өз мекенинде иштөөгө чакырып жатабыз. Эмгек менен экономикабызды көтөрүп, ынтымак жана биримдик менен мамлекетибизди өнүктүрүшүбүз керек. Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө арбын”, – деди Нурланбек Шакиев.

Мындан тышкары, Алай районундагы социалдык мекемелерге жардам берип, анын ичинен Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернатына каржылык колдоо көрсөтүп жаткан Германия мамлекетине ыраазычылык билдирген Төрага аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллилдин ишмердүүлүгүнө жогору баасын берди.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер