НОУТБУКТУН БААСЫН КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА СУНУШТАР КАБЫЛ АЛЫНАТ
- 09.10.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасынын алкагында 80 миң мектеп мугалимин ноутбук менен камсыз кылууну пландаштырууда.
Ноутбуктарга баалардын мониторингин жүргүзүү үчүн жеткирип берүүчүлөрдөн жана даярдоочу заводдордон жеткирүү мөөнөтүн көрсөтүү менен техникалык спецификацияларга ылайык коммерциялык сунуштарды берүүнү өтүнөбүз.
Сунуштар 2024-жылдын 11-октябрына чейин Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дөн кеч берилбеши керек.
Сунуштар электрондук түрдө [email protected] дарегине жөнөтүлүшү зарыл.
Толук маалымат — https://edu.gov.kg/announcements/450/
Бөлүшүү
Комментарийлер