НООРУЗ — «ЖАҢЫ КҮН» МАЙРАМЫ

  • 19.03.2025
  • 0

Кыргызстанда 21-мартты элдик Нооруз майрамы катары жарыялаган Жогорку Кеңештин мыйзамына 1991-жылдын 1-февралда кол коюлган. Кыргызстандыктар Ноорузду 34 жылдан бери чыгармачылык менен майрамдап келет. Бишкек шаарындагы  “Билимкана” жана Учур  Эл аралык мектептеринде да салтанаттуу кырдаалда майрамдалды.

НООРУЗ - "ЖАҢЫ КҮН" МАЙРАМЫНооруз- Борбор Азия элдеринин кеңири белгилене турган майрамы. «Нооруз» деген сөз байыркы фарси тилинин «науруз» деген сөзүнөн алынып, бизче «нау» – “жаңы”, «руз» – “күн” деген маанини билдирет. Совет бийлиги учурунда 62 жыл бою 21-мартта Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргызстан бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен.

Учур Эл аралык мектебиндеги майрамдык салтанат улуттук кийим, элечек кийген Умай эне Басира айымдын арча менен аластоо салты менен башталып, ал балдарга Нооруздун маанисин түшүндүрдү.

НООРУЗ - "ЖАҢЫ КҮН" МАЙРАМЫАлас, алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты Теңирим берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас — деп аластады.

Андан кийин  Учур Эл аралык мектебинин мүдүрү Ыскак кызы Ширин жалпы жамаатты, ата-энелерди, жеткинчектерди Нооруз майрамы менен куттуктады.

-Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп, улуттук оюн-зоокторду ойношкон. Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган. Илгери нооруз күнү бир кош өгүзгө соко кошуп, жер бетин алгач жолу тилишчү. Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы менен куттуктайм,- деди Ыскак кызы Ширин.

Майрамдык иш-чарада “Билимкана” жана  Учур  Эл аралык мектептеринин негиздөөчүсү Элнура Осмоналиева учурдагы улуттук билим берүүнүн жаңы моделинин маанисине токтолуп, өз каалоо-тилектерин айтты.

НООРУЗ - "ЖАҢЫ КҮН" МАЙРАМЫ— Урматтуу кесиптештер, ата-энелер, окуучулар! Сиздерди Улустун улуу күнү – Нооруз майрамыңыздар менен “Билимкана” жана “Учур” эл аралык мектептеринин жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм! Бул майрам – кыштын аякташын, күн менен түндүн теңелишин, жер жарылып, чөп чыккан жаратылыштын ойгонушун жар салып, ар бирибиздин жашоо-турмушубузда, аны менен алтын уябыз болгон мектебибизде да билим берүүнүн улуттук жаңы моделине ылайык жаңыланууну тартуулайт деп ишенем. Кыргыздар бул күнү өндүрүлгөн арпа, буудай же жүгөрүдөн сүмөлөк, көжө  жасашкан, анткени ал табияттын өлбөстүгүнүн, жашоо-турмуштун гүлдөп өнүгүшүнүн белгиси катары бааланган. Майрам күнү бири-бирине жакшы каалоолор айтылып, сый белектер тартууланат. Биздин мектептерде дагы ушундай маанай орноп, жакшы каалоо тилектер айтылып, жакшылык үмүттөр ичи-койнубузга толот деп ишенем!

Жаз майрамы менен кошо жүрөгүңүздөргө да жаз келип, жан дүйнөңүздөрдө, өлкөдө, үйүңүздөрдө жана мектебибизде тынчтык, кененчилик, сый-урмат жана бакубатчылык орун алсын! Бул жылы  өлкөдө  билим берүүнүн жаңы улуттук моделине өтүүдө алдыбызга коюлган чоң план, максаттарды ишке ашыруу үчүн,  мектептерибиздин зоболосун мындан да жогору көтөрүү, аброюн бекемдөө үчүн ак дилиңиздерден аракет кылышыңыздарды каалайм жана терең ишенем! Мектебибиздин  жаркын келечеги – биздин келечек! Биздин жана өлкөбүздүн келечеги-балдар! Баарыңыздарга аманчылык, үй-бүлөдөгү бейпилдикти, чыӊ ден соолук, бакты-таалай, окуудагы жана жумуштагы зор жетишкендиктерди, кайратман эмгекти жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм, -деди Элнура Осмоналиева.

Нооруз күнү берилчү байыркы кыргыз баталарынан ата-энелердин бири Максат Молдобаев  айтып берди:

“ Арыба, Нооруз!

Келе бер, Нооруз!

Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!

Талаабызга ак нан берсин!

Алдыбыздан ак дасторкон,

Башыбыздан бак-дөөлөт,

Ырыс-кешик, ынтымак,

Узун өмүр ырашкерчилик кетпесин!”

Улустун улуу күнүндө айтылчу кыргыздын батасын Максат Молдобаев улады.

“Улусуң оң болсун,

Ак мол болсун,

Улус күн бакты алып келсин,

Төрт түлүк малды алып келсин

Улус күн береке берсин!

Балаа, жалаа жерге кирсин!

Күлүгүң миништүү болсун!

Көңүлүң улустуу болсун!

Пейилиң жугуштуу болсун!

Ар бир нерсени азыр берсин!

Кеткениңди келтирсин!

Кемтигиңди толтурсун!

Бак-дөөлөттү кудайым,

Насип этип болтурсун.

Оомийийн”,- деп  батасын берди Максат Молдобаев.

-Ноорузда адатта ар дайым сүмөлөк жасалат. Улуттук тамактар ​​жарашыктуу ак дасторкон жабылган дасторкондо берилет, ал эми сүмөлөк салтанаттуу аштын милдеттүү атрибуту болуп саналат. НООРУЗ - "ЖАҢЫ КҮН" МАЙРАМЫСүмөлөк буудайдын өнүп чыккан данынан жасалып, аны майдалап, казанга унду  кошуп майга салып, өрүк, мейиз, жаңгак  кошулуп,  20-24 саат кайнатышат. Казанга майда таштар да салынып,  ал сүмөлөк күйбөш үчүн жасалат. Сүмөлөк куйганда чөйчөгүңүздөн ушундай таштардын бирин тапсаңыз, тилек тилеп, ал сөзсүз орундалат деген ишеним да бар. Сүмөлөк бышыруу көп убакытты талап кылат. Ошондуктан айымдар убакытты өткөрүү жана тамак жасоонун атмосферасын позитивдүү энергияга толтуруу үчүн бий жана оюн-шоок, шаңдуу ырлар менен коштоп турушкан, -деп сүмөлөк тууралуу айтып берди  мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Рима Шыгайбаева.

НООРУЗ - "ЖАҢЫ КҮН" МАЙРАМЫБул майрамды  Учур Эл аралык  мектебинин  мугалимдери, окуучулары абдан сонун  өткөрүп беришти. Бул майрамда ырга-бийге толгон программалар көрсөтүлдү. 2-класста окуган кыздар “кыргыз бийин” бийлешсе, 1-2-класстын окуучулары “Жарамазан” айтышып, 3-4-класстын окуучулары “Нооруз майрамы” деген ырды ырдап, “Манас” эпосунан үзүндү айтып беришти. Элида Алыбаева жетектеген комузчулар ийриминин катышуучулары “Маш ботой” күүсүн чертишти. Мугалимдер Жанар Чаргынова жана Махабат Рысбекова даярдаган “Тушоо кесүү” салты көрсөтүлүп, бир жаштагы Ибрагим аттуу бөбөктүн тушоосу кесилип, балдар өзүнчө, кыздар өзүнчө чуркап, таттуу белектерди алышты.

1-класстын окуучулары класс жетекчиси Салтанат кызы Зулайка менен бирдикте Азербайжан өлкөсү,  борбор шаары, улуттук символдору, каада-салттары, элдик оюндары, тамак-аштары тууралуу айтып, ыр-бийлерин аткарып, “жоолук” деген улуттук оюнун ойноп беришти. Окуучулар ата-энелери менен бирге жасаган Азербайжан мамлекети тууралуу көрсөтмө куралдарды, макеттерди көрсөтүштү.

Андан кийин мугалим Рыскан Садиндиева кыргыздын “бешикке салтын” көрсөтүп, анын маани-маңызын, артыкчылыктарын айтып, көрсөтүп берип, үч айлык наристени бешикке бөлөдү.

НООРУЗ - "ЖАҢЫ КҮН" МАЙРАМЫНООРУЗ - "ЖАҢЫ КҮН" МАЙРАМЫ“Учур” эл аралык мектебиндеги Ноорузга арналган иш-чарада кыргыздын элдик оюндары да ойнолду. Балдар “ алты атаар” чүкө оюнун ойноп,  команда болуп мелдешти.

НООРУЗ - "ЖАҢЫ КҮН" МАЙРАМЫ Ошондой эле “аркан тартмай” мелдеши дагы өткөрүлүп, командалар тең чыгып, «достук» жеңди.

НООРУЗ - "ЖАҢЫ КҮН" МАЙРАМЫОкуучулар “Ак терек, көк терек” элдик оюнун кызыгуу менен дагы ойноду.

“Билимкана” мектебинде да  Нооруз майрамы зор салтанат менен майрамдалып, окуучулардын демилгеси менен жармаңке уюштурулуп, алар өздөрү жасаган буюмдарды, сувенирлерди жана тамак-ашты сатышып, улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлдү. Майрамдык иш-чара чоң программадагы концерт,  заманбап мюзикл менен коштолду.

Нооруз майрамы тууралуу кызыктуу фактылар:

Бул майрамдын тарыхы жазуу дооруна чейинки заманга, башкача айтканда, биздин доорго чейинки VI—IV кылымга туура келет. Так ошол мезгилде Ахеменид империясы өмүр сүрүп, Ноорузду расмий майрамдай башташкан.

Нооруз майрамы күн менен түн теңелген мезгилге туура келет.  Ошондуктан 21-марттан тарта түн кыскарып, күн узара баштайт.

НООРУЗ - "ЖАҢЫ КҮН" МАЙРАМЫНоорузду дүйнө жүзү боюнча 20дан ашуун эл жана улут өкүлдөрү майрамдашат. Бул Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Өзбекстан, Пакистан, Иран, Ирак, Казакстан, Азербайжан,  Индия, Македония, Түркия, Орусия сындуу өлкөлөрдүн калктары бар.

НООРУЗ - "ЖАҢЫ КҮН" МАЙРАМЫ2009-жылдын 30-сентябрында Нооруз Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча мекемесинин (ЮНЕСКО) Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Комментарийлер