НООКЕНДЕГИ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
29- декабрь Ноокен районунда акимдин балдарга арналган жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Майрамга райондун аймагында билим алган 26 000 окуучунун ичинен 130 окуучу чакырылды. Ага райондун аймагындагы айыл өкмөттөрдөн жана Кочкор-Ата шаарынан келген окуучулар катышышты. Ошондой эле, райондун аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, предметтик олимпиадалардын женүүчүлөрү, Шайдан айыл аймагына караштуу Ж. Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин окуучулары жана Масы, Кочкор-Ата музыкалык мектептеринин окуучулары катышышты.
Балдарга концерттик программа жана театралдаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлүп, Масы жана Кочкор-Ата музыкалык мектептеринин таланттуу жаштары ыр, бий тартуулашты. Ноокен райондук администрациясынын башчысы Э. С. Маматаев тарабынан балдарга 40 миң сомдук жаңы жылдык белектер тапшырылды.
Комментарийлер