НООКАТТА МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧА ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

  • 25.03.2026
  • 0

Бүгүн, 25-мартта Ноокат районунда район аймагындагы мектеп жана бала бакча жетекчилери менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

НООКАТТА МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧА ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова бала бакчалардын ишмердүүлүгү боюнча презентация жасап, Ош облусунда мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо деңгээли башка облустарга салыштырмалуу төмөн экенин белгиледи. Анын айтымында, бул жагдайга калктын санынын жогору болушу да таасирин тийгизип жатат.

Маалыматка ылайык, учурда Ноокат районунда 40 миңден ашуун бала жашайт. Алардын ичинен 13 миңден ашыгы гана бала бакча менен камсыз болгон. Райондо жалпысынан 140 мектепке чейинки билим берүү уюму иштеп, алардын басымдуу бөлүгү типтүү эмес имараттарда жайгашкан.

Аталган 140 бала бакчанын 15и гана типтүү имараттарда жайгашып, бардыгы 10 сааттык режимде иштейт. 2024-жылы 55, 2025-жылы 49 мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү ишке ашкан. Ал эми 2026-жылы дагы 27 уюмду өзгөртүү пландалууда.

НООКАТТА МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧА ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

Мындан тышкары, райондогу 45 бала бакчада кезекте турган балдардын саны 25тен 410го чейин жетери айтылды. Жолугушууда мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана инфраструктураны кеңейтүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер