НООКАТ РАЙОНУНУН МУГАЛИМДЕРИ ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛЫШУУДА

  • 19.07.2024
  • 0

Ноокат районунун Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошунунун колдоосу менен 2023-2024-окуу жылынын жыйынытыгында ЖРТдан окуучусу 200 баллдан жогору алгандар, «Жылдын мыкты мугалими — 2024» конкурсунун облустук турунун жеңүүчүлөрү, ар бир мектептин тандалып алынган чыгармачыл мугалимдери жана мектептердин техникалык кызматкерлери көгүлтүр Ысык-Көлдө эс алууга жөнөп кетишти.

НООКАТ РАЙОНУНУН МУГАЛИМДЕРИ ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛЫШУУДА

Мугалимдерди Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Пазыл Бактыбаев жана райондук билим берүүнүн аксакал кызматкерлери бата берип узатты.

Эс алууга мугалимдерди райондун кесиптик кошундун төрайымы Назипакан Тажибаева, Ноокат райондук билим берүү бөлүмү алдындагы окуу-усулдуу каанасынын башчысы Шайырбек Кайымов, ошондой эле мугалимдердин коопсуздугу үчүн атайын врач жана маанайын көтөрүү үчүн маданият кызматкерлери кошо жүрөт.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер