НЕМИС ЖУРНАЛИСТТЕРИ “БАЛ ТАТТУУ” МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 12.07.2024
  • 0

Германиянын Die Zeit гетитинин журналисттери Жети-Өгүз районунун Балтабай айылындагы “Бал таттуу” Жайлоо өнүктүрүү борборунун ишмердүүлүгү менен таанышышты.

НЕМИС ЖУРНАЛИСТТЕРИ “БАЛ ТАТТУУ” МЕНЕН ТААНЫШТЫ НЕМИС ЖУРНАЛИСТТЕРИ “БАЛ ТАТТУУ” МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Маалыматка ылайык, Жайлоо өнүктүрүү борборунун тарбиячылары  адаттагы сабактарынан сырткары ата-энелер менен биргеликте улуттук каада-салт боюнча маалымат берип, тамак-аштарды балдар менен биргеликте даярдашты. Тамак-аш мастер-класстарында балдар курут, кымыз, талкан, бадырак, боорсок, быжы сыяктуу улуттук даамдардын кандай жасалаарын гана көрүп тим болбостон, өздөрү дагы активдүү катышты. Балдар мастер-класстарга кызыгуу менен мамиле кылып, тамак-аштар абдан даамдуу болгонун сүйүүнү менен бөлүштү.

НЕМИС ЖУРНАЛИСТТЕРИ “БАЛ ТАТТУУ” МЕНЕН ТААНЫШТЫНЕМИС ЖУРНАЛИСТТЕРИ “БАЛ ТАТТУУ” МЕНЕН ТААНЫШТЫ

НЕМИС ЖУРНАЛИСТТЕРИ “БАЛ ТАТТУУ” МЕНЕН ТААНЫШТЫНЕМИС ЖУРНАЛИСТТЕРИ “БАЛ ТАТТУУ” МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Журналисттер бул “Бал таттуу” Жайлоо өнүктүрүү борборунун мисалында долбоор жана анын эрте курактан билим берүүдөгү, улуттук баалуулуктардын кийинки муундарга өткөрүүдөгү орду тууралуу материал даярдашууда.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер