НАТЫЙЖАЛУУ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРИНЦИБИ БОЛУУ ЗАРЫЛ
- 18.07.2023
- 0
2225 мектеп жетекчиси квалификация жогорулатуунун жети курсунда окутулгандыгы, 106 директор Татарстанда окуп жаткандыгы жана жакынкы эки жылда 300 мектеп директору эл аралык деңгээлде окутулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегиясында билдирди.
Эгер мурда мугалимдердин 14% гана курстан өтүп келген болсо, быйылкы окуу жылында 41 миң мугалим билим деңгээлин көтөрүп жатат.
Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өз сөзүндө мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун азыркы системасын, программаларды толугу менен карап чыгуу керектигин, квалификацияны да онлайн түрдө жогорулатып, ар түрдүү экзамендерди маал-маал менен тапшырып турса болорун айтты.
— Мугалим 2-3 кадам алдыда болуп, мугалимде өзүнүн сабагы боюнча ойлонуштурулган педагогикалык дизайн түзүлүшү керек. Бул системада микроквалификациялык программадагы гибриддик окутуулар боюнча сунуштарды күтөбүз. Натыйжалуу билим берүү деген принципти киргизүү зарыл, — деди ал.
Комментарийлер