НАСИРДИН ИСАНОВДУН ЭСТЕЛИГИ ОШМУДА АЧЫЛДЫ
- 04.09.2023
- 0
Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине карата эстелигинин ачылыш аземи ОшМУда өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурлан Шакиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер, Ош шаарынын жана Ош облусунун жетекчилери,коомдук жана саясий ишмерлер жогорку окуу жайлардын жетекчилери, ОшМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана жалпы коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада өлкө башчысы Насирдин Исанов өмүрүн мамлекетти курууга арнаган чыгаан мамлекеттик ишмер, жаратман инсан экендигин билдирди. Анын өлкө үчүн аткарган зор эмгектерин атап, эң жогорку мамлекеттик сыйлык болгон “Ак шумкар” өзгөчө белигисин жана “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын үй-бүлөсүнө тапшырды.
Комментарийлер