НАРЫНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКА ТУРНИРЛЕРИНДЕ ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

  • 03.04.2026
  • 0

Нарын шаарындагы Үсөн Асанов атындагы жатак мектебинин окуучулары менталдык арифметика боюнча эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багындырып келишти.

Түркиянын Анталия шаарында 12 мамлекеттин окуучулары катышкан менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк турнирде аталган мектептин үч окуучусу күч сынашып, бир нече медалга ээ болушту. Турнир жазуу жана экран форматында өткөрүлгөн.

Жазуу форматында:

Майназарова Адалат — 3-орун, коло медаль

Дурболонова Адинай — 3-орун, коло медаль

Майназарова Арууке — 2-орун, күмүш медаль

Экран форматында:

Майназарова Адалат — 3-орун, коло медаль

Дурболонова Адинай — 1-орун, алтын медаль

Майназарова Арууке — 1-орун, алтын медаль

Мындан тышкары, окуучулар Өзбекстандын Бухара шаарында 28–29-март күндөрү өткөн FOC ачык эл аралык турниринде да ийгилик жаратышты. Менталдык арифметика боюнча бул мелдеш төрт форматта (1-D, 2-C, 3-B, 4-A) өткөрүлүп, нарындык окуучулар абсолюттук чемпиондор арасында 3-орунду камсыз кылышты.

Белгилей кетсек, окуучулар 2020-жылдан бери Үсөн Асанов атындагы жатак мектебинде менталдык арифметика багыты боюнча тереңдетилген билим алып келишет. Бул багыттагы курсту жетекчи Төлөбек кызы Нуриза алып барып, окуучуларды башталгыч класстан бери даярдап, эл аралык мелдештерге таптап келе жатат.

Ошондой эле мектептин окуучулары буга чейин да 2024–2025-жылдары Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда өткөн FOC ачык эл аралык турнирлеринде байгелүү орундарды камсыз кылып келишкен. Түркиянын Анталия шаарындагы дүйнөлүк турнирде жетишкен ийгиликтери алардын эл аралык деңгээлдеги даярдыгын дагы бир жолу тастыктады.

Бөлүшүү

Комментарийлер