НАРЫНДА “ЖАНЫБАРЛАРДЫ ВЕТЕРИНАРДЫК ЖАКТАН КАРОО БОЮНЧА ОПЕРАТОР” КЕСИБИ БОЮНЧА ВАЛИДАЦИЯЛОО ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 16.07.2024
  • 0

 Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Нарын агро-экономикалык колледжинде “Жаныбарларды ветеринардык жактан кароо боюнча оператор” кесиби боюнча валидациялоого катышты.

НАРЫНДА “ЖАНЫБАРЛАРДЫ ВЕТЕРИНАРДЫК ЖАКТАН КАРОО БОЮНЧА ОПЕРАТОР” КЕСИБИ БОЮНЧА ВАЛИДАЦИЯЛОО ӨТКӨРҮЛДҮ

Маалыматка таянсак, аталган кесипти өз алдынча үйрөнүп, бир топ жылдан бери иштеп жүргөн, бирок окубагандыктан, билими тууралуу документи жок 15 жарандын көндүмдөрүн иш берүүчүлөр жана дасыккан устаттардан куралган атайын комиссия сынады.

Валидациянын 15 катышуучусу жумушка орношууда же иш ордун которгондо керек боло турган тиешелүү сертификатка ээ болду.

Иш-чарага көз карандысыз байкоочулар жана Соода-өнөр-жай палатасынын Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери катышты.

Валидациялоо сегиз Алдыңкы тажрыйба борборунун базасында Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында  Көз карандысыз сертификация жана валидация борборунун катышуусунда уюштурулган.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер