Нарында сак дооруна таандык петроглифтер табылды

  • 19.09.2023
  • 0

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагынан сак дооруна таандык петроглифтер табылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, тарыхый табылгалар коруктун кызматкерлери тарабынан 4-сентябрдан 11-сентябрга чейин жүргүзүлгөн экспедиция учурунда табылган.

“Петроглифтер тартылган жаныбарлардын изи түшүрүлгɵн таштар биздин заманга чейинки II, III, IV, VI кылымдарга таандык”, — деп белгиледи Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин тарых институтунун доценти Солтобаев.

Бөлүшүү

Комментарийлер