Нарында Нооруз майрамы белгиленди

  • 21.03.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 21-мартта Нарын шаарынын борбордук аянтында өткөн Нооруз майрамына катышты. Иш-чарага Биринчи айым Айгүл Жапарова да катышып, майрамдык салтанат менен таанышышты.

Нарында Нооруз майрамы белгиленди

Майрамдык иш-чара башталар алдында мамлекет башчысы жана Биринчи айым кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган боз үйлөрдөн турган инсталляцияны көрүштү. Экспозиция төрт боз үйдөн туруп, алардын ар бири улуттук маданияттын өзүнчө бир бөлүгүн чагылдырды. Бир боз үйдө элдик усталар салттуу колдонмо искусствонун түрлөрүн көрсөтүшсө, экинчисинде манасчылар Манас эпосунан үзүндү аткарышты. Дагы бир боз үйдө Нооруздун башкы тамагы болгон сүмөлөктүн ачылыш аземи өткөрүлүп, келген коноктор андан даам татышты.

Концерттик программа Нооруз майрамынын маңызын ачкан театралдаштырылган пролог менен башталды. Анда жаратылыштын ойгонушу, күн менен түндүн алмашуусу, жердин жаңыланышы сыяктуу символикалык образдар көрсөтүлдү. Ошондой эле Умай эне менен Баба дыйкандын образдары аркылуу береке, жаңылануу жана муундардын уланмалуулугу идеялары чагылдырылды.

Андан соң Президент куттуктоо сөз сүйлөп, мамлекеттик майрамдарды өлкөнүн ар аймагында өткөрүү элдин ынтымагын бекемдеген жакшы салтка айланганын белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстан элин, чет өлкөлөрдөгү мекендештерди, дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн Нооруз майрамы менен куттуктап, тынчтык, бакубат жашоо, биримдик жана ынтымак каалады.

Нарында Нооруз майрамы белгиленди

Майрамдык иш-чара концерттик программа менен уланды. Анда Нарын облусунун жаратылыш кооздугу, тарыхый мурасы жана маданий баалуулуктары чагылдырылган театралдаштырылган композициялар тартууланып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символдору даңазаланды. Музыкалык, хореографиялык жана визуалдык элементтер аркылуу өлкөнүн жаралуу, өнүгүү жана күч-кубатын даңазалаган мазмундуу программа көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер