Нарында мектепке чейинки билим берүүнү ваучердик негизде каржылоо боюнча окутуу өттү

  • 29.09.2025
  • 0

Нарын шаарында 28-сентябрь күнү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын ваучердик механизм аркылуу каржылоонун мазмуну жана практикалык колдонулушу тууралуу окутуу иш-чарасы болуп өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Агартуу министрлигинин демилгеси менен уюштурулду.

Окутууга Нарын облусундагы шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, айыл өкмөттөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер, ошондой эле жеке менчик жана үй тибиндеги бала бакчалардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын алкагында катышуучуларга ваучердик механизмдин негизги максаты, каржылоо жол-жоболору, коюлган талаптар жана “Балалык” автоматташтырылган маалыматтык системасына катталуу шарттары тууралуу кеңири маалымат берилди. Окутууну Агартуу министрлиги жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Санариптик билим берүү мекемеси өткөрдү.

Нарында мектепке чейинки билим берүүнү ваучердик негизде каржылоо боюнча окутуу өттү

Ошондой эле механизмдин ишке ашуу этаптары, күтүлгөн жыйынтыктар жана бул системанын ата-энелер үчүн артыкчылыктары тууралуу да кенен талкуу жүрдү.

Иш-чара ачык диалог форматында уюштурулуп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сунуш-пикирлерин ортого салышты. Бул окутуу аймактагы мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам катары бааланды.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер