НАРКТУУЛУКТУН БАШАТЫ АДАМДЫН БИЛГИЛИГИНДЕ

  • 25.07.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти 2022-жылдын 21-майында «Улуттук нарк жөнүндө»
жарлыкка кол койгон. Бул жарлык Президенттин 2021-жылдын 29-январындагы №1 «Инсандын
руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын түздөн-түз уландысы катары сунушталып жаткандыгы аталган маселелер боюнча системалуу иш жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Жарлыкта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысына: коомчулуктун, билим берүү
жана илим, маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрүн, бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен 2022-
жылдын 1-сентябрына чейин Улуттук наркты сактоо жөнүндө улуттук программаны иштеп чыгуу
жана киргизүү сунушталган. Улуттук программаны иштеп чыгууда эске алынуучу принциптер да
көрсөтүлгөн.

Аталган жарлыктын мазмуну менен таанышкандан кийин Улуттук программа кандай негизде
түзүлөр экен деген суроо пайда болду. Ошол өңүттөн караганда кайсы гана программалык документ болбосун анын негизин фундаменталдуу түшүнүктөр түзөрү белгилүү. Ал эми адамдын руханий дүйнөсүнө тиешелүү болгон көптөгөн түшүнүктөр бар. Мисалы, нарк, нарктуу, нарктуулук, насил, нуска, өрнөк, өрнөктүү, мурас, осуят, насыят, дөөлөт, адат, салт, каада, өнөкөт, накыл ж.б. ушул терминдердин мазмуну, мааниси кыргыз тилинде кандайча аныкталганын билүү максатында 2010-жылы жарык көргөн «Кыргыз тилинин сөздүгүнө» кайрылдык.
Мисал келтирели. Нарк – акча бирдигинин өлчөмү менен туюнтулган бир нерсенин баасы;
салт, жорук-жосун, адат, жол-жобо. Нарктуу, баалуу, нускалуу. Насил – түпкү теги, тукуму. Нуска –үлгү, таалим, өрнөк (даана, экземпляр). Нускалуу, үлгүлүү, өрнөктүү. Өрнөк – үлгү, мисал, үлгүлүү иш, үлгү болуучу сапат. Өрнөктүү – үлгүлүү, үлгү болорлук. Мурас – өткөн муундан урпактарга калган осуят, насаат сөз, көркөм сөз чыгармалары. Осуят – айтылып калтырылган акыл, насыят.

Насыят – акыл, кеңеш, акыл-кеңеш берип, үлгүлүү, жакшы жүрүүгө үндөй айтылган сөз. Дөөлөт –
байлык, мал-мүлк, жетиштүүлук, молдук; бакыт, таалай, жыргал; мамлекет, бийлик. Үрп-адат –
укумдан-тукумга өтүп келе жаткан адат, салт. Адат – көпчүлүк эл үчүн өнөкөт болуп калган каада,
салт, традиция, жүрүм-турум тартиби; көңүлгө жат болуп, үйрөнүп калган өнөкөт, көнүмүш, көндүм.
Салт – коомдук, традициялык көрүнүштөгү жалпы элдик мүнөзгө ээ болгон каада. Каада – салт, үрп- адат; адат, көнүмүш, өнөкөт; урмат, ардак, шаан-шөкөт, кадыр-барк. Каада күтүү – пейил күтүү, каадаланып калуу, элден бөтөнчө болуп баалануу. Өнөкөт — адат, көндүм, көнүмүш. Накыл – үгүт, насыят, акыл брүүчү; акылман, акыл-эстүү, накыл сөз, накыл кеп. Сөз – речь, кеп. Речь – айтылган кеп, сүйлөө тили, эл алдында сүйлөнгөн сөз, оозеки же жазуу жүзүндө берилген сөз. Сөз – речтин айрым бир түшүнүктү, объективдүү дүйнөнүн кубулушу жөнүндө тыбыштар аркылуу билдире турган бирдиги. Бул жерде нарктуулукка тиешелүү болгон фундаменталдуу түшүнүктөр бири-экинчиси аркылуу аныкталып, алардын маңыздуу белгилери такталып берилген эмес. Ар бир түшүнүктүн мазмуну ачылбай калган. Бул проблема жалгыз эле тилчи – филологдорго тиешелүү эмес. Анын маңызын ачуу үчүн философтор, социологдор, психологдор, педагогдор, тарыхчылар, маалымат таануучулар, табият таануучулар, медик-физиологдор катышкан комплекестүү изилдөө жүргүзүлүшү керек.

Нарктуулук деген термин сөздүктө жок экен. Менин оюмча, нарктуу, нарктуулук деген
түшүнүктөрдү адам, адамдын касиеттери менен байланыштыруу керек.
Биздин күндөлүк турмушта “киши”, “адам” жана “инсан” деген үч термин колдонулат. Аларга
“Кыргыз тилинин сөздүгүндө” төмөнкүдөй аныктама берилген. Киши – 1) ойлоо, сүйлөө
жөндөмдүүлүгү бар, акыл-эстүү жан, адам; 2) аң-сезимдүүлүгү, жөндөмдүүлүгү, кишилик сапаты бар адам. Мында киши менен адам бирдей эле маанини бергендей сезилет. Бул аныктамалардын
логикасына таянсак киши – бул адам. Ал эми “адам” термини бул сөздүктө мындай чечмелениптир. Адам – 1) акылы, ойлоо, сүйлөө жөндөмдүүлүгү бар, өндүрүш куралдарын жасап жана эмгек процессин пайдалана билген жан, киши; 2) жогорку моралдык жана интеллектуалдык касиеттерди өзүнө топтогон, жакшы сапаттары бар киши; 3) бой тарткан, акыл эси, билими бар, колунан иш келген киши. Мында деле адам – киши. Бирок бул жерде киши менен адамдын айрым касиеттери бири- биринен айырмаланары көрүнүп турат. Киши ойлоо, сүйлөө, эмгектенүү жөндөмү бар тирүү жан болсо, адам жогорку моралдык жана интеллектуалдык жөндөмү бар тирүү жан. Бул жөнүндө улуу окумуштуу Абдулхай Алдашев өзүнүн бир маегинде “адам болом деп аракеттенип жүрүп, киши боюнча калып калган тура” деген оюн айткан. Муну да эске алып коюуга туура келет. Демек, кишинин баары эле адам эмес.

Жогоруда белгиленгендей “киши” менен “адам”түшүнүктөрүнүн сөздүктөгү
аныктамалары логиканын эрежесине туура келбейт. Анткени, бул жерде киши түшүнүгү адам
түшүнүгү аркылуу, ал эми адам түшүнүгү киши аркылуу аныкталып калган. Бул логикада белгисизди белгисиз аркылуу аныктоо деп аталат. Дагы бир белгилей турган нерсе – жогорку аныктамаларда киши да, адам да “жан” деп берилген. Ал эми “жан” түшүнүгү өтө эле көп маанини берет. Ошол эле китепте “жан” түшүнүгү “тың”, тирүүлүктүн белгиси, материалдуу дененин биологиялык, физиологиялык, психологиялык активдеги ишмердүүлүгү, киши, адам ж.б. деп берилген. Бул жерде дагы аталган түшүнүктөрдүн бири-бири менен болгон карым катнашын тактоо, алардын белгилерин бири-бирине шайкеш келтирүү зарылдыгы жатат.

Эми талдоону талап кылган дагы бир түшүнүк – бул “инсан” түшүнүгү. Сөздүктө
инсан термини жеке адам (личность) деп гана көрсөтүлгөн. Мында инсан түшүнүгүнүн мазмуну
ачылган эмес.

Орус тилинде жогорку үч түшүнүк эки гана термин менен белгиленет: “человек”,
“личность”. Ал эми биз колдонуп жүргөн “адам” түшүнүгү “человек с большой буквой” деп айтылат.

Орусча философиялык сөздүктөрдө “Человек – субъект исторического процесса, развития
материальной и духовной культуры на Земле, биосоциальное существо, генетически связанное с
другими формами жизни, выделившееся из них блогодоря способности производить орудия труда, обладающее членораздельной речью, мышлением и сознанием. Личность – человеческий индивид в аспекте его социальных качеств – взгляды, способности, потребности, интересы, моральные убеждения. Личность – это динамичная, относительно устойчивая целостная система
интеллектуальных, социально-культурных и морально-волевых качеств человека, выраженных в
индивидуальных особенностях его создания и деятельности”деп берилет. Айтылгандардын
негизинде киши, адам, инсан түшүнүктөрүнүн мазмунун терең ачуу, алардын жалпы жана бирин
экинчисинен айырмалоочу маңыздуу белгилерин аныктоо милдети турат.

Бул айтылгандардын негизинде жогорку үч түшүнүктүн жумушчу маанисин тактап
алалы. Киши – ойлоо, сүйлөө жана кайсы бир ишти аткаруу жөндөмү бар тирүү жан. Адам –
моралдык жана интеллектуалдык жакшы сапаттары бар киши. Инсан – аң-сезими менен аракетинде оң маанидеги жекече өзгөчөлүгү бар адам. Демек бул үч түшүнүктүн иерархиясын
киши→адам→инсан деп азырынча кабыл алып туралы. Булардын жакшы касиеттери боюнча
кишиликтүү киши, адамгерчиликтүү адам деп айтышат. Ал эми инсандын жакшы касиетин бир сөз менен кантип белгилөөгө болот? Менин оюмча бул суроого “билгиликтүү” деген термин туура жооп берет. Демек билгиликтүү адам бул инсан. Ал адамгерчиликтүү дегенден бийик, жогору турат.

Көлөмү жагынан да кеңири түшүнук. Бул маселени талдоодо мен Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” дастанынын Т.Козубеков кыргыз тилине которгон варианты боюнча 1993-жылы жарык көргөн китептин “Кут белгиси билик” деген баш сөзунө кайрылдым. Аны улуу жазуучу, Кыргыз эл баатыры Т.Сыдыкбеков жазган. Ал киши сөзүн “Бирди билген – тирик, миңди билген — билик” деп баштайт. Мына ушул жерде эле байкаган жанга “тирүү жан” менен “билгиликтүү жандын” айырмасы көрүнүп турат. Чындыгында эле Ж.Баласагындын китеби “Кутадгу билик” деп аталат. Мындагы билик деген сөз билимдүү, билгиликтүү дегенди билгизери айдан ачык көрүнуп турат. Ошондуктан инсандын касиетин билгиликтүү деп алууга толук негиз бар.

Эми билгиликтүү адам – инсандын кандай касиеттери болушу мүмкүн, же билгинин кандай
түрлөрү бар деген суроого токтололу. Мен билгинин төмөндөгүдөй түрлөрүн белгиледим.
Эл билги – өзүнүн элинин түпкү тегин, маңызын, эл болуп калыптанышынын тарыхын
билүү. Өз элин урматтоо, ага ишеним артуу, эл алдындагы өзүнүн жоопкерчилигин сезүү
жана аны аткарууга болгон күч аракетин, билими менен тажрыйбасын аябай тер төгүп
эмгектенүү. Ак пейили менен адал эмгегин жумшай билүү.

Жер билги – өзүнүн туулган жеринин, ата-мекенинин табиятын билүү, анын
Кыргызстандын жалпы элине берген пайдасын, сулуулугун, көркөмдүгүн жан-дүйнөсү
менен сезип, кабыл алуу, түшүнүү. Өз жеринин табияты менен таттуу мамиледе болуу
жана анын экологиялык тазалыгын сактоого кам көрүү. Өз жерин, мекенин көздүн
карегиндей сактоо. Өз жерин энем деп, мекенин атам деп сезгенде гана адам ушундай
билгиликтүү инсандык касиетке ээ боло алат.

Сыр билги – башкалардын жан-дүйнөсүнө сүңгүп кирүү, алардын кулк-мүнөзүн, ички
сырларын, инсандык парасаттарын түшүнүү, оң же терс көрүнүштөр болсо ачык айтуу,
аларды сыйлоо жана ишеним көрсөтүү.

Сөз билги – сөздун улуулугун сезип түшүнүү, ага маани берүү, сөзгө конок берүү, айтылган
сөзүнө туруу, жан-дүйнөсүндө “сөзүм өлгүчө, өзүм өлөйүн” деген сезимдин ар дайым
болуусу.

Жөн билги – социалдык чөйрөнүн катышуучуларынын: ата менен баланын, эне менен
балдар, кыздардын, күйөөсү менен аялынын, чоң ата менен чоң эненин, таята менен
таененин, ага-туугандардын, кошуналардын, дос-тамырлардын, куда-сөөктөрдүн, окуучу
менен мугалимдин, студент менен окутуучунун, кызматчы менен жетекчинин, уруу менен
уруунун, мамлекеттик кызматчы менен жеке жалданма кызматчылардын арасындагы
мамилелердин жөн-жайын, эрежелерин билип-түшунүү, аларды жөндөй алуу, аткаруу.
Ашкере өзумчүлдүккө жол бербөө. Кысым көрсөтпөө, бирок кай бир ашыкча
мамилелерге көзүн жумуп койбоо.

Иш билги – адистикке, кесипке тиешелүү болгон теориялык жана практикалык
билимдерге, билгичтиктерге, көндүмдөргө ээ болуу, атайын билгилик жана
жоопкерчилик.

Кол билги – өзүнө, үй-турмушуна, кесиптик ишмердүүлүгүнө керектүү болгон айрым
нерселерди өз колу менен жасай билүү.
Сын билги – өзү жана башкалар жасаган иштердин, болгон окуялардын оң же терс
жактарын сынай билүү.

Баа билги – өзүнүн жана башкалардын жасаган аракеттерин, болуп өткөн ар кандай
окуялардын натыйжасын калыс баалай билүү.

Мына бул көрсөтүлгөн билгилердин мааниси өтө татаал жана өтө карама-каршылыктуу.
Булар бири-бири менен тыгыз байланышта, бири экинчиси аркылуу аныкталат, бири
экинчисин толуктап турат. Бул белгилерди макаланын башында келтирилген каада-салт,
үрп-адат, нарк-насил менен байланышта карап, алардын так маани-маңызын ачып берүү
аракети көрүлүшү керек. Менин оюмча, жогоруда белгиленген белгилерге ээ болгон адам
нарктуу адам боло аларына ишенем. Ошондуктан нарктуулуктун башаты тирүү жандын
билимин, жалпы маданиятын бир бүтүндүккө бириктирген кишичиликте, адамгерчиликте,
акыры келип инсандык билгилүүлүктө жатат. Эгер биз ушул айтылгандарды илимий-
практикалык жактан ачып айкындасак, ар кандай терминдерди чар жайыт колдонбостон,
аларды логикалык ырааттуулукта системага келтирсек нарктуу инсандын моделин түзгөн
болор элек.

Эми ушундай инсанды кантип тарбиялоо керек деген өтө олуттуу педагогикалык
проблема аргасыздан пайда болот. Бул проблеманы чечүү үчүн менин оюмча Министрликтин
деңгээлинде “Кыргызстанда билгиликтүү инсанды калыптандыруунун илимий-практикалык
негиздери” деген долбоорду даярдоо жана аткаруу милдеттери коюлууга тийиш.

1. Долбоорду ишке ашыруу максатында иш билги адистерден турган жумушчу топ
түзүү, алардын ишин эффективдүү уюштуруунун финансылык маселелерин чечүү.
2. Долбоорлонгон инсандын билгилик сапаттарынын ар биринин мазмунун ачуу. Ар
кандай деңгээлде талкуулоо жана бекитүү.
3. Билгиликтүү инсандык сапаттарды калыптандыруунун психолого-педагогикалык
теориясын иштеп чыгуу.
4. Жаңы психолого-педагогикалык теориянын негизинде, анын айрым таалим-
тарбиялык жоболорун ишке ашыруунун технологияларын түзүү.
5. Билим берүүнүн жана тарбиялоонун жаңы түзүлгөн технологияларын сыныктан
өткөрүү жана практикага киргизүү.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун Физиканы окутуу
технологиясы кафедрасынын башчысы,
педагогика илимдеринин доктору, профессор,
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын
мүчө-корреспонденти Мамбетакунов Эсенбек Мамбетакунович

Бөлүшүү

Комментарийлер