НАМЫСКӨЙ КЫЗДАР

  • 11.04.2025
  • 0

№6 Надыр Мамбетов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин волейбол боюнча кыздар командасы Аксы районунун намысын коргоп, областта 2-орунду камсыз кылды.

НАМЫСКӨЙ КЫЗДАР

Республикабызга таанымал спортчу Урустемова Айнура тарбиялаган кыздар  намыска жарап, ийгиликти олжолоп кайтышты. Областтын намысын коргогон кыздарга  ден соолук, окуудагы жана спорттогу жетишкендиктерди каалайбыз. Спортчу кыздардын устаты Айнура эжекеге, Алманбет агайга терең ыраазычылык билдиребиз.

Айжамал ДЫЙКАНБАЕВА,
Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер