мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча

  • 23.01.2025
  • 0

Кочкордо бала бакчанын имараты жана жери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Нарын облусунун Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн (азыркы учурда Ормон-Хан айыл өкмөтү) жана Кочкор райондук кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын кызматкерлери бала бакчанын имаратын жана жер тилкесин жеке тараптын менчигине берип салышкан.

мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча
Аталган факты боюнча кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүлүүдө.

Прокуратура органдары тарабынан мыйзамсыз жеке жактарга өтүп кеткен социалдык объектилерди кайтаруу боюнча иш аракеттер улантылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер