«МЫРЗА ЖИГИТ, СУЛУУ КЫЗ» СЫНАГЫ

  • 30.01.2026
  • 0

Окуучулар арасында зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун алдын алуу, аларга улуттук баалуулуктарды окутуп, үйрөтүү  максатында Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинде «Мырза жигит, сулуу кыз» аттуу сынагы болуп өттү.

"МЫРЗА ЖИГИТ, СУЛУУ КЫЗ" СЫНАГЫ

Сынакка 9-11-класстардын окуучулары катышып, аны  мектептин уюштуруучусу Тыныбеков Миртемир уюштурду.  Кыз-жигиттен турган жуптар ар түрдүү тапшырмаларды аткарып, өз билимдерин, таланттарын көрсөтүштү. Командаларга зордук-зомбулуктун алдын алууга жана кыргыз элибиздин улуттук нарк-насилине байланыштуу тапшырмалар берилди. Жыйынтыгында 10-а классынын окуучулары Мырзакимов Нурэл жана Топчубекова Нуркыз «Мырза жигит, сулуу кыз -2026» наамын жеңип алышты. Иш-чарага Аксы районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, ата-энелер катышып, өздөрүнүн эң жакшы пикирлерин билдиришти. Мектеп жетекчилиги класс жетекчилерге, окуучуларга ыраазычылык билдирди.

ЖУНУСОВА Зыйнат,
Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер