“МЫКТЫ САБАК” АТТУУ СЫНАК

  • 04.03.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” мамлекеттик мекемеси “Мыкты сабак” аттуу сынак жарыялайт.

Аталган конкурс 12 жылдык билим берүүгө өтүү алкагында жаңы муундагы “Математика”, “Англис тили” “Табигый илимдер” предмети боюнча, 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн окуу китептерин эффективдүү пайдалануучу эң мыкты педагогдорду аныктоого жана алардын тажрыйба алмашууга багытталган маанилүү демилге.

Сынактын шарттары:

✅Социалдык тармактагы баракчаңызга сабагыңыздын кызыктуу бөлүгүн жүктөңүз: видео 1-3 мүнөт болушу керек

✅Сабак жаңы муундун окуу китептеринин негизинде өтүлүшү зарыл

✅@okuu.kitebi жана @bilimilimkg белгилениши керек

✅Жеңүүчүлөргө сыйлыктар каралган

Сынакка бардык мектеп мугалимдери катыша алат.

Сынактын жыйынтыгы 2026-жылдын 15-майында чыгат.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер