«МЫКТЫ ЭНЕ-2024» СЫНАГЫНЫН БАШ БАЙГЕСИН МОСКВА РАЙОНУ УТТУ
- 24.06.2024
- 0
Бишкек шаарындагы №102 мектепте Чүй облусу боюнча райондор аралык «Билимдүү эне, тарбиялуу бала – өнүккөн өлкө» аталышында «Мыкты эне-2024» сынагы өттү.
Сынакка Кемин, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Москва, Панфилов районунан жеңип чыккан мыкты энелердин тобу катышты.
Сынактын жыйынтыгында Москва району «Мыкты эне-2024» баш байгесин утуп демөөрчүнүн атынан 5000 сом жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Калган топтор «Билимдүү эне», «Мээримдүү эне», «Акылдуу эне», «Үлгүлүү эне», «Ажарлуу эне» номинацияларына ээ болушту, демөөрчүнүн атынан 2000 сомдон жана баалуу белектерге ээ болушту.
Катышкан бардык энелер буга чейин бала тарбиялоодо күйүп- бышып, айта албай, чече албай жүргөн көйгөйлөрдүн чечилиш жолун «Ата-энелер мектебинен» таап, үй-бүлөлөрүндө чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын айтып жатышты. Үй-бүлөлүк китеп окууну, балдарга мээрим төгүп, мыкты тарбия, билим берүүгө умтулууну, мугалимдер менен бирдикте өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошо аларын билдиришти.
«Мени өзгөрткөн ата-энелер мектеби» сахнасында залда көз жаш болбогон адам болгон жок. Мигрант эненин, кайдыгер ата-эненин образдарын драм театрдын артистериндей аткарышып жүрөктү сыздатышты.
Сынактын СЫЙЛУУ коноктору: КР Эмгек сиңирген мугалими, lll даражадагы “Манас” орденинин ээси, «Энелер мектебинин» негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов, Бер-Булак орто мектебинин директору Гүлнара Мамбетиманова, «Заманбап мугалим» долбоорунан Жамиля айым, Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын жергиликтүү депутаты Бейшенова Бермет, «Жолуккан кандай жакшы» ырынын обонун жазган Мамырасул Мавлянов, иш-чаранын негизги демөөрчүсү Сокулук районунун үлгүлүү тургуну “Кудайберген” автоунаа базарындагы “Автомир” дүкөнүнүн ээси Акылбек Осмонкулов, №102 орто мектептин директору Дуйшеналиева Рахат Асековна, ж. б. болушту.
Комментарийлер