“МЫКТЫ БАЯНДАМАЧЫ” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ
- 18.01.2023
- 0
Бүгүн, 18-январда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын иш чаралар планынын аткарылышы боюнча өткөн иш-чарада “Мыкты баяндамачы- 2022” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.
Билим берүү жана илим министрлиги 2022-жылдын 9-декабрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата “Мыкты баяндамачы- 2022” республикалык сынагын жарыялаган.
Жеңүүчүлөр:
I орун – Даткаева Перизат Абдивахаповна, Бишкек ш., Октябрь району, А.С.Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими (ноутбук)
II орун – Бегалиева Толкун Ибрагимовна, Ош обл., Алай району, К.Султанов атындагы №11 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими (ноутбук)
III орун – Айдарбекова Фарида Каленовна, Бишкек ш., Биринчи май району, №81 жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими (уюлдук телефон)
Сынактын максаты- кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин жазуу жана сүйлөө чеберчилигин арттыруу, мыкты баяндамачылардын базасын түзүү болуп саналат.
Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыкка ээ болгондор:
- Кайдакулова Мээрим Момбековна – Чүй обл., Сокулук району, Жаңы-Жер орто мектеп-комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- Мамытова Нурзат Жумагазиевна – Бишкек ш., Биринчи май району, №54 билим берүү мекемесинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- Кушубакова Жайнагүл – Чүй обл., Сокулук району, Экономикалык -экологиялык мектеп лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- Жаналиева Гульмира Жайыловна – Чүй обл., Сокулук району, Маловодный орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
“Насаатчы мугалим” номинациясы боюнча сыйлык алгандар:
- Абдесов Нургалый Абдесович, Бишкек шаары №69 гимназия окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили жана адабият мугалими;
- Абдибалиева Жаңыл, Ош обл., Ноокат району, Герейт-Шорон орто мектебинин мугалими;
- Абдылдаева Малида Абдылдаевна, Сокулук району, № 1 Фрунзе орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- Абылаева Нурия Абылаевна, Бишкек шаарынын №57 жалпы билим берүүчү орто мектеби, директордун орун басары;
- Артыкбаева Гульмира Эрматовна, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча республикалык институту “Инновациялык технологиялар” борборунун директору;
- Бообекова Турганбүбү, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ, окутуучу;
- Дүйшеналиева Райкан Абдиловна, Чүй районунун Маданият айылындагы Б.Маленов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- Жумагулова Гүлмира Жумагуловна, Нарын районунун Э.Токсобаев орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- Исаков Бектур Сыдыкович, Талас районунун К.Нанаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили адабияты мугалими;
- Искендерова Сусар Искендеровна, К.Карасаев атын. БМУ ф.и.д, профессор, Кафедра башчысы;
- Кадырова Анара, Б. Осмонов атындагы ЖАМУ, окутуучу;
- Кулматова Үмүтбүбү Эшенкуловна, А.Токтоналиев атындагы финансы-экономикалык техникумунун кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- Култаева Үмүт Баймуратовна, “Тил билги” автордук жогорку мектебинин директору;
- Акматов Искендер, “Креатив-таалим” билим берүү комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- Матанова Света Апендеевна, Ысык-Көл обл., Ысык Көл РБББнин, методисти;
- Мусабекова Гүлжан Шаршековна, Нарын району, Түгөл уулу Усупбек орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- Ожорбаева Сабира, Бишкек шаары №77 жалпы ЖОББ мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- Сайдилканов Орозали, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун О.Сейдилканов атындагы мектеп – гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- Сатарбаева Турум Абдыкаимовна, Сокулук РайБББнун башчысы;
- Торобаева Тамара Исаковна, Бишкек шаарынын № 4 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими.
Комментарийлер