“МЫКТЫ БАЯНДАМАЧЫ” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 18.01.2023
  • 0

Бүгүн, 18-январда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын иш чаралар планынын аткарылышы боюнча өткөн иш-чарада “Мыкты баяндамачы- 2022” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

“МЫКТЫ БАЯНДАМАЧЫ” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-жылдын 9-декабрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата “Мыкты баяндамачы- 2022” республикалык сынагын жарыялаган.

Жеңүүчүлөр:

I орун – Даткаева Перизат Абдивахаповна, Бишкек ш., Октябрь району, А.С.Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими (ноутбук)

II орун – Бегалиева Толкун Ибрагимовна, Ош обл., Алай району, К.Султанов атындагы №11 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими (ноутбук)

III орун – Айдарбекова Фарида Каленовна, Бишкек ш., Биринчи май району, №81 жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими (уюлдук телефон)

Сынактын максаты- кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин жазуу жана сүйлөө чеберчилигин арттыруу, мыкты баяндамачылардын базасын түзүү болуп саналат.

Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыкка ээ болгондор:

  • Кайдакулова Мээрим Момбековна –  Чүй обл., Сокулук району,  Жаңы-Жер орто мектеп-комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  • Мамытова Нурзат Жумагазиевна – Бишкек ш., Биринчи май району, №54 билим берүү мекемесинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  • Кушубакова Жайнагүл – Чүй обл., Сокулук району, Экономикалык -экологиялык мектеп лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  • Жаналиева Гульмира Жайыловна – Чүй обл., Сокулук району, Маловодный орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

“Насаатчы мугалим” номинациясы боюнча сыйлык алгандар:

  1. Абдесов Нургалый Абдесович, Бишкек шаары №69 гимназия окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили жана адабият мугалими;
  2. Абдибалиева Жаңыл, Ош обл., Ноокат району, Герейт-Шорон орто мектебинин мугалими;
  3. Абдылдаева Малида Абдылдаевна, Сокулук району, № 1 Фрунзе орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  4. Абылаева Нурия Абылаевна, Бишкек шаарынын №57 жалпы билим берүүчү орто мектеби, директордун орун басары;
  5. Артыкбаева Гульмира Эрматовна, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча республикалык институту “Инновациялык технологиялар” борборунун директору;
  6. Бообекова Турганбүбү, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ, окутуучу;
  7. Дүйшеналиева Райкан Абдиловна, Чүй районунун Маданият айылындагы Б.Маленов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  8. Жумагулова Гүлмира Жумагуловна, Нарын районунун Э.Токсобаев орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  9. Исаков Бектур Сыдыкович, Талас районунун К.Нанаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили адабияты мугалими;
  10. Искендерова Сусар Искендеровна, К.Карасаев атын. БМУ ф.и.д, профессор, Кафедра башчысы;
  11. Кадырова Анара, Б. Осмонов атындагы ЖАМУ, окутуучу;
  12. Кулматова Үмүтбүбү Эшенкуловна, А.Токтоналиев атындагы финансы-экономикалык техникумунун кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  13. Култаева Үмүт Баймуратовна, “Тил билги” автордук жогорку мектебинин директору;
  14. Акматов Искендер, “Креатив-таалим” билим берүү комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  15. Матанова Света Апендеевна, Ысык-Көл обл., Ысык Көл РБББнин, методисти;
  16. Мусабекова Гүлжан Шаршековна, Нарын району, Түгөл уулу Усупбек орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  17. Ожорбаева Сабира, Бишкек шаары №77 жалпы ЖОББ мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  18. Сайдилканов Орозали, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун О.Сейдилканов атындагы мектеп – гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  19. Сатарбаева Турум Абдыкаимовна, Сокулук РайБББнун башчысы;
  20. Торобаева Тамара Исаковна, Бишкек шаарынын № 4 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими.
Бөлүшүү

Комментарийлер