МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕПТИН АЛДЫҢКЫЛАРЫ

  • 21.05.2024
  • 0

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынан төрт окуучу облустук сынакта алдыңкы орундарды камсыздашты.

МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕПТИН АЛДЫҢКЫЛАРЫ

Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин директору Венера Артыкбаеванын айтымында, Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында облустук деңгээлдеги «Жаш музыкант — 2024» сынагы өткөрүлүп, ага жалпысынан Нарын облусу боюнча тогуз музыкалык мектептен 85 окуучу катышкан. Анын ичинен Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинен 10 окуучу катышкан.

МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕПТИН АЛДЫҢКЫЛАРЫМУЗЫКАЛЫК МЕКТЕПТИН АЛДЫҢКЫЛАРЫ

МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕПТИН АЛДЫҢКЫЛАРЫ

Жыйынтыгында баян тартуу боюнча Медер Таштанбеков 1-орунду, аккордеондон Улара Бектурсунова 1-орунду, комуз чертүү боюнча Айтумар Балтабаева 3-орунду, үйлөмө аспап боюнча Чомон Сагыналиев 2-орунду ээлеп, байгелүү кайтышты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер