“МУРАС” ТУРНИРИНЕ ПРЕЗИДЕНТ БАШ БОЛГОН 16 КОМАНДА КАТЫШАТ

  • 13.12.2024
  • 0

“МУРАС” ТУРНИРИНЕ ПРЕЗИДЕНТ БАШ БОЛГОН 16 КОМАНДА КАТЫШАТ14-15-декабрда Бишкек шаарындагы  «Газпром» спорткомплексинде жетинчи жолу уюштурулуп жаткан «Мурас» турнири өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл турнирге 16 команда катышмакчы.

Алар: «Президенттин командасы», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар», «Ден-соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт чеберлери», «Журналисттер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес» жана «Ноокат» командалары күч сынашат.

“МУРАС” ТУРНИРИНЕ ПРЕЗИДЕНТ БАШ БОЛГОН 16 КОМАНДА КАТЫШАТБул ирет республикалык масштабда ойнотулган «Мурас-Аймак» мелдешинин жеңүүчүсү Оштун «Ноокат» командасы «Мурас» турнирине жолдомо алып кошулду.

“МУРАС” ТУРНИРИНЕ ПРЕЗИДЕНТ БАШ БОЛГОН 16 КОМАНДА КАТЫШАТБыйыл май айында өткөн «Мурас» турниринин жеңүүчүсү саламаттык сактоо тармагынын “Ден-соолук” командасы болуп, 400 миң сом байге алган. Экинчи орунду “Коопсуздук”, үчүнчү орунду “Спорт чеберлери” командалары ээлеген.

“МУРАС” ТУРНИРИНЕ ПРЕЗИДЕНТ БАШ БОЛГОН 16 КОМАНДА КАТЫШАТАдаттагыдай эле мелдештин беттешүүлөрүн УТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдары түз алып көрсөтөт.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер