МУГАЛИМГЕ КОЛ КӨТӨРҮҮ – КООМ ҮЧҮН КООПТУУ СИГНАЛ

  • 06.04.2026
  • 0

Акыркы күндөрү коомчулукта кызуу талкуу жараткан окуя – ата-эненин мугалимге кол көтөрүүсү – жөн гана бир мектептин ичиндеги чатак эмес. Бул – билим берүү системасына, мугалимдин аброюна жана коомдогу баалуулуктарга түздөн-түз сокку урган кооптуу көрүнүш.

МУГАЛИМГЕ КОЛ КӨТӨРҮҮ – КООМ ҮЧҮН КООПТУУ СИГНАЛ

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, окуя 2026-жылдын 9-мартында Ош шаарындагы “Юниум” жеке менчик мектебинде болгон. Интернетке тараган видеодон көрүнгөндөй, ата-эне мугалимге кол көтөргөн. Бирок окуянын чоо-жайын иликтөө көрсөткөндөй, кырдаал таптакыр башка нукта өнүккөн.

Ата-эне 1-класстын окуучусун мугалим урду деп доомат коюп, тиешелүү органдарга арыз менен кайрылган. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгында мугалим тарабынан зомбулук фактысы болбогону аныкталган. Тескерисинче, сабак учурунда окуучу тартип бузуп, бир нече ирет класстан чыгып кеткендиктен, мугалим анын коопсуздугун камсыз кылуу жана окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо максатында гана аракет көргөн.

Бул жерде негизги суроо туулат: эмне үчүн тартип маселеси күч колдонууга айланды?

Окуянын жүрүшүндө баланын апасы мектепке келип, мугалим менен түшүнбөстүк жаратып, акыры кол көтөрүүгө чейин барган. Натыйжада эки тарап тең укук коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болду.

Бул факт – коомдогу коркунучтуу тенденциянын белгиси. Мугалим – жөн гана кызматкер эмес, ал келечек муунду тарбиялаган, коомдун интеллектуалдык пайдубалын түзгөн инсан. Ага карата кол көтөрүү – бул бир адамга эмес, бүтүндөй билим берүү системасына жасалган басым.

Министрлик бул маселеге жөн карап турган жок. Учурда педагогикалык кызматкерлердин укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыгып, тиешелүү процедуралардан өттү. Документте мугалимдерге карата урматсыз мамиле, кемсинтүү, орой мамиле жана басым көрсөтүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү каралган. Айрыкча, социалдык тармактар аркылуу жасалган кысым да жоопкерчиликке тартылат.

Бул демилге – учур талабы. Анткени акыркы жылдары мугалимдерге карата негизсиз айыптоолор, коомдук басым жана агрессия күч алып бара жатканы жашыруун эмес.

Эгер мугалим корголбосо – мектеп корголбойт!
Эгер мектеп корголбосо – келечек корголбойт!

Ошондуктан бул окуяга жөн гана «бир окуя» катары кароо – чоң жаңылыштык. Бул – мыйзамды, тартипти жана адамдык баалуулуктарды кайра карап чыгууга чакырык.

Жакынкы убакта Жогорку Кеңештин кароосуна киргизиле турган мыйзам долбоору дал ушул көйгөйгө чек коюуну көздөйт. Эгер ал кабыл алынса, мугалимдин аброю укуктук деңгээлде корголуп, билим берүү процессине негизсиз кийлигишүүлөр азаят деген үмүт бар.

Коом бир нерсени так түшүнүшү керек:
мектеп – бул талаш-тартыштын эмес, тарбиянын аймагы.
Ал эми мугалим – кол көтөрө турган эмес, урматтай турган инсан.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер