МУГАЛИМДИН УКУГУ ЖАНА МИЛДЕТИ – ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК
- 26.02.2026
- 0
М.Мамакеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде мугалимдердин Агартуу министрлигинин буйругунун негизинде жыйыны өтүп, мугалимдин укуктары, милдеттери жана кесиптик этикасы талкууланды.


Маалыматка таянсак, жыйында мугалим — билим берүүчү гана эмес, тарбия, багыт берүүчү жана коомго үлгү болуучу инсан экени баса белгиленди. Ар бир мугалим сабакты сапаттуу өткөрүү, окуучуларды адилет баалоо, коопсуз чөйрө түзүү жана кесиптик этиканы сактоо милдетин так аткаруусу зарылдыгы айтылды.
Ошондой эле мектепте зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, класстарда тарбиялык иштерди күчөтүү жана окуучулар арасында өз ара сый-урматты калыптандыруу боюнча чечимдер кабыл алынды.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер