МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ

  • 31.01.2024
  • 0

Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, п.и.д., профессор Рахат Сулайманова Талас мамлекеттик университетинин студенттерине жана магистранттарына жана окутуучуларына конок-лекция өттү. Бул тууралуу инститтун пиар-менеджери Айжан Кыдыралиева билдирди.

МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ

И.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, п.и.д., профессор Рахат Сулайманова Талас мамлекеттик университетинин студенттерине жана магистранттарына жана окутуучуларына “Мугалимдин кесиптик компетенттүүлүктөрү”, “Мугалимдик имидж” деген темаларда конок-лекция өтүп келди. Мугалимдик кесип тууралуу өтүлгөн лекция угуучулар тарабынан чоң кызыгууну жаратты.

МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ

МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ

Конок-лекция студенттер, магистранттар жана окутуучулар тарабынан абдан жакшы бааланып, лекторго ыраазычылык каалоо-тилектер айтылды жана мындан кийинки конок лекцияларды өтүп берүү сунушун киргизишти. Ал эми Р.Сулаймановага Талас мамлекеттик университетинин жана окуу жайдын алдындагы колледждин жетекчилиги тарабынан ыраазычылык кат тапшырылып, мындан аркы кызматташуунун багыттары тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

Эскерте кетсек, мындай конок-лекция Р.Сулайманова тарабынан аталган окуу жайдын магистранттарына жана окутуучуларына 2023-жылдын 7-июлунда дагы окулган.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер