МУГАЛИМДЕРДИН ЖҮГҮН ЖЕҢИЛДЕТКЕН «АЛТЫН КАЗЫК»

  • 18.09.2025
  • 0

Агартуу министрлиги Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ар бир мугалимди ноутбук менен камсыз кылуу тапшырмасын ишке ашырып, бүгүнкү күндө республика боюнча STEM сабактарынын мугалимдерине ноутбуктар тапшырылып жатат. Бул демилгелүү иш Кочкор районунда да улантылып, 311 мугалимге «Алтын Казык» маркасындагы ноутбуктар берилди.

МУГАЛИМДЕРДИН ЖҮГҮН ЖЕҢИЛДЕТКЕН «АЛТЫН КАЗЫК»

Маалыматка таянсак, «Алтын Казык» ноутбугу — Кыргызстандын билим берүү тармагын санариптештирүү үчүн иштелип чыккан улуттук бренд. Ал Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Технопарк» борборунда чогултулуп, мугалимдерди методикалык материалдар жана билим берүүчү программалар менен камсыздайт.

Кочкор районуна караштуу Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто жалпы билим берүүчү мектебинин биология сабагынан берген мугалим Шайымбек кызы Индира төмөнкүлөргө токтолду:

МУГАЛИМДЕРДИН ЖҮГҮН ЖЕҢИЛДЕТКЕН «АЛТЫН КАЗЫК»

МУГАЛИМДЕРДИН ЖҮГҮН ЖЕҢИЛДЕТКЕН «АЛТЫН КАЗЫК»

«Быйыл 12 жылдык билим берүүгө карата «Алтын Казык» ноутбугун алдык. Ноутбук колдоонууга абдан ыңгайлуу, ичинде “Санарип кампа”, окуучуларга көптөгөн сабактар бар. Ноутбук аркылуу сабак өтүү  мугалимдерге жеңилдиктерди жаратты. Үч күндүк окууда биз 12 жылдын программасын окудук. Анда 5-7-класстарда өзгөрүүлөр бар экен. Мисалы, өзгөрүүлөргө келсек, 5-класста табият таануу сабагынан биология сабагына көбүрөөк басым жасалат, 7-класстан химия кире баштайт».

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер