МУГАЛИМДЕРДИН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДОО МАКСАТЫНДА КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮЛДУ
- 11.03.2026
- 0
Бишкек шаарынын билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо максатында кызматташтык келишимине кол коюлду.

Маалыматка таянсак, Бишкек шаардык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубатбек Абдракманов жана «Ысык-Ата» санаторийинин директору Рустам Маматов эки уюмдун ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.

Келишимге ылайык, Бишкек шаарынын билим берүү тармагынын кызматкерлерине санаторий-курорттук жолдомолор сунушталып, ден соолукту чыңдоо программалары ишке ашырылат. Келишим бир жылдык мөөнөткө түзүлүп, жеңилдетилген жана дем берүүчү шарттарды камтыйт. Мунун аркасында мугалимдер, тарбиячылар жана билим берүү мекемелеринин башка кызматкерлери жеткиликтүү баада ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк алат.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында 2027-жылдын 31-декабрына чейин Кесиптик бирликтер федерациясына караштуу санаторий-курорттук мекемелерге жеңилдетилген жолдомолорду берүү боюнча мораторий күчүндө. Бул чектөө 2023-жылдын 22-ноябрындагы Президенттин Жарлыгы менен киргизилип, аталган мекемелерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, жаңылоо жана ден соолукту чыңдоо кызматтарына жетүүнүн толук санариптик системасын киргизүү максатын көздөйт.
Ушуга байланыштуу Бишкек шаардык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн эс алуусун жана ден соолугун чыңдоосун өз алдынча уюштуруп келет. Бул үчүн кесиптик бирлигинин бюджеттин жана Борборлоштурулган социалдык колдоо фондунун каражаттарынын эсебинен жолдомолор сатып алынууда.
«Ысык-Ата» санаторийи менен түзүлгөн бул келишим борбор калаанын билим берүү кызматкерлерин колдоодогу маанилүү кадам болуп саналат. Ал мугалимдерге жана билим берүү тармагындагы кызматкерлерге окуу жылынын чыңалуусунан кийин ден соолугун чыңдап, күч-кубат топтоого шарт түзөт.
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги педагогдор жана билим берүү тармагындагы кызматкерлер үчүн социалдык кепилдиктерди жана колдоо программаларын кеңейтүү боюнча иштерин улантууда.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер