ЖАСАЛМА АКЫЛ ДООРУНДА МУГАЛИМ КАНДАЙ ИШТЕЙТ?

  • 15.09.2025
  • 0
Ысык-Көлдө өтүп жаткан «Жаңылыктын жарчысы» педагогикалык форумуна катышып жаткан мугалимдер жасалма интеллектини колдонуу боюнча дагы практикалык окуудан өтүүдө.
ЖАСАЛМА АКЫЛ ДООРУНДА МУГАЛИМ КАНДАЙ ИШТЕЙТ?
“Жасалма интеллект дүйнө жүзүндө эволюция жасап келүүдө. Өз учурунда электр энергиясынын пайда болушу кандай чоң өзгөрүү алып келсе, бүгүнкү күндө жасалма интеллекттин өнүгүшү да ошондой мааниге ээ. Форумдун алкагында жасалма интеллект менен кантип иштешүү керектиги боюнча практикалык талкуулар да өтөт”, — деди агартуу министринин орун басары Л. Самыкбаева.
Акыркы жылдары дүйнөдө жасалма интеллект технологиялары ар кандай тармакта кеңири колдонулуп келе жатат. Билим берүү да бул процесстен сыртта калган жок. Кыргызстанда да акырындык менен ЖИ негизиндеги куралдар жана платформалар окутуу процессине киргизиле баштады.

Бул технологиянын негизги артыкчылыгы – ар бир окуучунун мүмкүнчүлүгүнө жана керектөөсүнө ылайыктап билим берүүгө шарт түзүшү. Мисалы, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө атайын платформалар окуучунун жоопторун талдап, ага ылайыктуу кошумча тапшырмаларды сунуштап жатат. Бул ыкма күчтүү окуучулар үчүн татаалыраак тапшырмаларды, ал эми кыйналып жаткан балдар үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү материалдарды берет.

Жасалма интеллектти колдонуу мугалимдердин жумушун да жеңилдетүүдө. Мисалы, тесттерди, диктанттарды автоматтык түрдө текшерип берүүчү системалар бар. Бул мугалимдин убактысын үнөмдөп, окутуунун чыгармачылык жагына көбүрөөк көңүл бурууга шарт түзөт. Ошондой эле «акылдуу жардамчылар» окуучулардын суроолоруна жооп берип, түшүнбөгөн жерлерин кошумча түшүндүрүп бере алат.

Инклюзивдик билим берүүдө да жасалма интеллекттин ролу чоң. Мисалы, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн автоматтык субтитрлерди түзүү же текстти үн менен окуу кызматтары жардам берет. Көзү начар көргөн окуучулар болсо үн таануу жана атайын программалар аркылуу сабакка активдүү катыша алышат.

Жасалма интеллект билим берүүнүн жаңы доорун ачып жатат десек болот. Ал билимди жеткиликтүүрөөк, сапаттуураак жана ар бир бала үчүн ылайыктуу кылууга өбөлгө түзөт. Кыргызстанда да бул багытта алгачкы кадамдар жасалып, мектептерде жана жогорку окуу жайларда электрондук платформалар, онлайн-тесттер жана санариптик билим берүү куралдары колдонулуп баштады.

Мисалы, электрондук күндөлүк, онлайн тестирлөө, интерактивдүү тил үйрөтүүчү тиркемелер, инклюзивдик куралдар сыяктуу алгачкы  платформаларды айтсак болот.

Айрым жогорку окуу жайлары студенттерге онлайн-ассистенттерди колдонуп, сабак материалдарын түшүндүрүүдө жана суроолорго жооп берүүдө пайдаланып башташты. Мисалы, англис тилин үйрөнүүдө автоматтык түрдө сүйлөмдөрдү оңдоп, туура варианттарын сунуштап берген тиркемелер студенттерге жардам берүүдө.

ЖИ колдонууда бир катар көйгөйлөр бар. Биринчиден, сапаттуу кыргыз тилдүү контент жетишсиз. Жасалма интеллект куралдарынын көбү орус жана англис тилдерине ылайыкташкан. Экинчиден, мугалимдердин жаңы технологияларды колдонууга даярдыгы ар кандай деңгээлде. Айрымдары санариптик платформаларды активдүү колдонуп жатса, башкаларына кошумча окутуу зарыл. Мугалимдер жаңы технологияларды колдонууну үйрөнүшү керек, анткени жасалма интеллект толугу менен мугалимди алмаштыра албайт, ал болгону жардамчы курал болуп саналат.

Бирок мунун баары мыйзамдык жактан кылдат каралып, адам укуктарына каршы келбеген эрежелер менен бекемделүүгө тийиш.

Эң негизгиси – окуучулардын жеке маалыматтарын коргоо жана коопсуздукту камсыз кылуу маселеси. Эгерде мугалим болобу же окуучу болобу, санарип жана медиа сабаттуу болбосо, интернеттеги жайнаган шылуун брокер боттордун торуна түшүп, жеми болуп калышы мүмкүн.

Кыргызстанда мектептик билим берүү заманбап жаңыланып, 12 жылдык улуттук билим берүү модели түзүлүп жатканда жасалма интеллект жаңыланган системанын маанилүү багыты болуп калды. Эгерде мамлекеттик саясатта кеңири колдоого алынса, ар бир балага сапаттуу, жеткиликтүү жана заманбап билим берүүдө жасалма интеллектинин мааниси абдан зор болору калетсиз.

К. Асангазы
Бөлүшүү

Комментарийлер