Мугалимдер күнүнө арналган алгачкы майрамдык кече

  • 03.10.2025
  • 0

Кожомкул айылынын Жалпы билим берүү орто мектебинде мугалимдер күнүнө карата алгачкы майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Жаңы ачылган билим уясында мындай иш-чаранын уюштурулушу мектеп жамааты үчүн өзгөчө мааниге ээ болду.

Мугалимдер күнүнө арналган алгачкы майрамдык кече

Майрамдык кечени 9-10-класстын окуучулары уюштуруп, мугалимдерге болгон ыраазычылык жана терең урмат-сыйын көрсөтүштү. Окуучулар ыр-бий, сахналаштырылган көрүнүштөр жана куттуктоо сөздөрү менен өздөрүнүн ыраазычылыгын билдиришти.

— “Мугалимдер күнү — бул жөн гана кесиптик майрам эмес, бул мугалимдин эмгегине болгон терең ыраазычылыктын күнү. Биз бул күндү жаңы ачылган мектепте алгачкы ирет өткөрүп жатканыбызга сыймыктанабыз. Окуучуларыбыздын даярдаган чакан концерттик программасы баарыбыздын көңүлүбүздү көтөрдү,” — деп белгилешти мектеп жамааты.

Мугалимдер күнүнө арналган алгачкы майрамдык кече

Мектеп администрациясы, мугалимдер жана чакырылган коноктор иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөнүн белгилешип, окуучуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

Мугалимдер күнүнө арналган алгачкы майрамдык кече

Жаңы ачылган мектепте өткөрүлгөн бул алгачкы мугалимдер күнү мектеп жамааты үчүн жылуу эскерүү, жагымдуу таасир жана жакшы башталыш катары эсте калды.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер