МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ КУРС ӨТҮЛҮҮДӨ

  • 15.10.2024
  • 0

И.Раззаков атындагы КМТУнун Курсту жогорулатуу борбору тарабынан мектеп мугалимдери үчүн 7-октябрдан баштап “Билим берүүдөгү IT технологиялар” деген аталышта кыска мөөнөттүү курс башталды. Ал жалпы билим берүүчү мектептердин потенциалын жогорулатуу жана окутуунун натыйжаларын жакшыртуу максатында уюштурулган.

Курс планга ылайык 2024-жылдын 7-октябрдан 25-декабрга чейин уланат. Ийгиликтүү аяктагандар үчүн сертификаттар берилет.

Аталган курска төмөнкү билим берүүчү мекмелердин мугалимдери катышууда:

  • Ош облусунун Өзгөн районунан №22 М.Кулиев атындагы орто мектеби
  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан Курама уулу Турусбек атындагы №12 жалпы билим берүүчү орто мектеби
  • Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан А.С.Пушкин атындагы № 4 орто мектеби
  • Талас облусунун Ч.Айтматов районунан А.Токтогожоев атындагы орто мектеби
  • Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан Л.Толстой атындагы № 1 гимназиясы
  • Жети-Өгүз районунан К.Салиев атындагы орто мектеби
  • Нарын облусунун Ак-Талаа районунан Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектеби
  • Чүй облусунун Кара-Балта шаарынан №1 орто мектеби
  • Чүй районунун Кошой айылынын орто мектеби
  • Бишкек шаарынан А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп лицейинин мугалимдерине өтүлүп жатат.
Бөлүшүү

Комментарийлер