МУГАЛИМ — РЕМОНТЧУ ЭМЕС, ИНТЕЛЛИГЕНТ!                                           

  • 06.03.2026
  • 0

 /Негизсиз каралоого жооп/

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда, тагыраагы Фейсбук баракчасында Жумагүл Садирова аттуу жаран тарабынан Агартуу министрлигинин дарегине карата багытталган негизсиз айыптоолор жана “сокур” сындар көбөйдү. Билим берүү тармагындагы жүрүп жаткан масштабдуу трансформацияны көрмөксөнгө салып, «Өнүгүү барбы? Мугалимдер дагы эле ремонт иштеринде» деген өңдүү суроолорду берүү — бул жеке кызыкчылыкпы же кимдир бирөөнүн буюртмасыбы? Куру дооматка эмес, фактыларга таянып көрөлү.

  МУГАЛИМ — РЕМОНТЧУ ЭМЕС, ИНТЕЛЛИГЕНТ!                                            

Финансылык ачыктык жана реалдуу колдоо

Ириде министрликтин учурдагы аталышын туура жаза албаган, жөн эле болбогон карөзгөйлүк менен сындап жаткан автор дегеле чындыкка коошпогон, куру сөздөрдү жазыптыр. Негизи мындай дарексиз, фактысы жок постторго жооп бербеген адатым бар. Бирок бул жолу  жасалып жаткан иштерди көрүп-билип жүргөн үчүн көзгө сайып, айтып берүүнү туура көрдүм.

Өткөн жылы эле мектептерди оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 401 миллион сом бөлүнгөн. Мурда мугалимдер өз чөнтөгүнөн материал сатып алган заман өткөн. Азыр мамлекет материалдарды гана эмес, оңдоп-түзөө кызматтарын (жумушчу күчүн) да каржылап жатат.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мугалимдерди көчөлөрдү тазалоо же короолорду шыпыруу сыяктуу иштерге тартпашы керек, анткени бул мыйзамсыз болуп саналат.

Мугалимдин негизги милдети — сабак өтүү жана сапаттуу билим берүү!

Агартуу министри Догдуркул Кендирбаеванын позициясы так жана өзгөрбөйт. Ал дайыма айтып келет: “Мугалим мектептеги тазалоо иштерине катышпайт! Мугалимдин негизги милдети — сабак өтүү жана сапаттуу билим берүү”.

Адатта, жайкы каникул учурунда айрым мугалимдер өздөрү иштеген класстарды сырдап, актап же башка чарбалык иштерди аткарып жүргөндөр болушу мүмкүн. «Бул биздин мектеп, биз өзүбүз үчүн кылышыбыз керек» деген эски түшүнүк калыптанып калган үчүн. Экинчиден,  мектеп жетекчилиги тарабынан боло турган кысым же жумуштан айрылып калуу кооптонуусу болушу да ыктымал. Айрым иштин көзүн билбеген мектеп директорунун айласыздыктан мугалимдерден жардам сураган учурлары кездешиши да мүмкүн. Дегеле айрым жерлерде жаңыча иштей албаган, өзгөрүүсү келбеген агартуучулар бар экенин моюнга алышыбыз керек. Мисалы, жакында эле 2-класста окуган неберемдин мугалими, класска линолеум салып бергенге ата-энелерди жардамга чакырды. Колубузга жугуп калбайт деп барып, салып беришти. Мындай учурлар чанда кездешет. Бирок Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, ар бир кызматкер өзүнүн эмгек келишиминде көрсөтүлбөгөн жумуштарды аткарууга милдеттүү эмес. Андыктан мугалимди көчө шыпырууга же актоо-сырдоо иштерине тартуу — бул мыйзамсыздык. Бул боюнча бардык облустук/райондук/шаардык башкармалыктарга министрлик расмий эскертүүлөрдү жиберген.

Мугалимдин негизги милдети — окутуу жана тарбиялоо. Ремонт иштери — бул атайын техникалык кызматкерлердин иши. Баса, өткөн жылы мектепте иштеген техкызматкерлердин дагы айлыгы көтөрүлгөн. Мугалимди ремонтко мажбурлоо — эмгек укуктарын бузуу катары бааланат.

Айлык акынын болуп көрбөгөндөй жогорулашы

Мугалимдердин эмгек акысы акыркы жылдары кескин жогорулады. Ал гана эмес, Президенттин убадасы менен үстүбүздөгү жылдын апрель айында айлыктар дагы 100% көтөрүлөт. Бул — билим берүү тармагына болгон мамлекеттик деңгээлдеги камкордуктун эң чоң далили эмеспи? Анан калса башка мамлекетти дегеле көрбөгөн мугалим журтчулугу акыркы кездерде жайкы эс алуу учурунда чет өлкөлөрдү түрө кыдырып жүрөт. Демек, айлыгы жетиштүү болгон үчүн саякаттап жүрүшөт да?!

Санариптештирүү — коррупцияга бөгөт

Бүгүнкү күндө мектепке же бала бакчага кирүү үчүн «тааныш-билиштин» же «акчанын» кереги жок. Электрондук кезек системасы ишке кирген. Бул — коррупциялык схемаларды тамырынан кырккан реалдуу реформа. Сиздин айткан дооматыңыз суу кечпей калды…

«Посттун авторуна» эскертүү

Жумагүл айым, бир нерсени жазардан мурун, тармактагы өзгөрүүлөрдү иликтеп, тактап, анан коомчулукка чыксаңыз болмок. «Билим берүү министрлиги» эмес, азыр «Агартуу министрлиги» деп аталат — атүгүл ушул жөнөкөй өзгөрүүнү билбей туруп, чоң талкуу жаратканыңыз таң калтырат.

Эсиңизде болсун, бир дагы даректүү фактысы жок, курулай каралоого багытталган посттор үчүн мыйзам чегинде жооп берүү жоопкерчилиги бар.

“Бизге мугалимдин колундагы шыпыргы эмес, анын колундагы китеп жана окуучунун келечеги маанилүү. Системалык кемчиликтерди жашыруу үчүн мугалимди акысыз жумушчу күч катары колдонуу доору бүттү”, — деп министр ЖК депутаттарынын суроолоруна жооп берген болчу.

Эгер кайсы бир мектепте дагы деле мугалимдер ремонтко мажбурланып жаткан болсо, «жалаң каралоо» менен алектенбей, ошол мектептин номерин так көрсөтүңүз. Министрлик сөзсүз чара көрөт!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим” гезитинин мектептер бөлүмүнүн башчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер