Мугалим, окуучу жана ата-эне: бирдиктүү аракет

  • 09.03.2026
  • 0

Билим — бул жөн гана мектеп программасы эмес. Ал өлкөнүн келечеги, коомдун аң-сезими, мамлекеттин эртеңки тагдыры. Ошондуктан бүгүн мектеп босогосун аттаган ар бир баланын билим деңгээли коомчулуктун көңүл борборунда болуп жатканы бекеринен эмес.

Мугалим, окуучу жана ата-эне: бирдиктүү аракет

Акыркы учурларда социалдык тармактарда мектептеги сабактардын татаалдыгы тууралуу кызуу талкуулар жүрүп келет. Кээ бир ата-энелер балдарынын тапшырмаларын түшүнө албай жатканын ачык айтып жатышат. Айрымдар окуу китептерин сынга алса, башкалары мугалимдерди күнөөлөйт. Дагы бирөөлөр окуучулардын өздөрүнүн кызыгуусу азайып бара жатканын белгилешет. Бул жерде кеп бир гана тарапта эмес. Анткени, билим берүү — бул бир гана мугалимдин же окуучунун иши эмес. Бул — мугалим, окуучу жана ата-эне биргелешип түзгөн чоң системанын жыйынтыгы.

Бишкек шаарындагы №118 орто мектептин математика мугалими, 44 жылдык эмгек тажрыйбасы бар ардагер педагог Айгүл Бусурманова бул маселе тууралуу өз байкоолору менен бөлүшүп, билим берүүдөгү негизги өзгөрүүлөрдү жана көйгөйлөрдү белгилейт.

Өзгөргөн доор, өзгөргөн методика

Бүгүнкү мектеп кечээки мектеп эмес. Окутуунун мазмуну да, ыкмасы да өзгөрдү. Эгер мурда окуучу бир эле типтеги мисалдарды кайра-кайра иштөө аркылуу көндүмдөрдү калыптандырса, азыркы билим берүү системасы логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө басым жасайт.

«Азыр балага теманы узун түшүндүрмөлөр менен эмес, логикалык жол менен, кыска жана так жеткирүү керек. Бирок бул ыкма көпчүлүк ата-энелерге түшүнүксүз болуп калышы мүмкүн. Себеби алар таптакыр башка система менен окуган», — дейт Айгүл Бусурманова. Бул жерде ата-энелердин билими жетишсиз деген маселе жок. Болгону муундар ортосундагы билим берүү методикасынын айырмасы көрүнүп турат.

Технология доорунун жаңы чакырыгы

Заман өзгөргөн сайын билим алуу ыкмалары да өзгөрүүдө. Бүгүнкү окуучу маалыматты китептен гана эмес, интернеттен, санарип платформалардан жана жасалма интеллекттен да ала алат. Айрыкча ChatGPT сыяктуу жасалма интеллект куралдары окуучулар арасында кеңири колдонулууда. Бирок бул мүмкүнчүлүк кээде көйгөйгө да айланып кетет. Көпчүлүк окуучулар жоопту түшүнүүгө аракет кылгандан көрө, даяр жоопту көчүрүп алууну жеңил жол катары тандап жатышат. Натыйжада изденүү, анализ кылуу, ой жүгүртүү сыяктуу маанилүү көндүмдөр өнүкпөй калууда. Педагогдун айтымында, технологиядан коркуунун кереги жок. Бирок аны билимди тереңдетүүчү курал катары колдонуу маданияты калыптанышы керек.

Билимдин үч таянычы

Билим сапатын көтөрүү үчүн бир гана мектептин аракеттери жетишсиз. Бул процессте үч негизги күч — мугалим, окуучу жана ата-эне — бирдей жоопкерчилик алышы керек.

Мугалим, окуучу жана ата-эне: бирдиктүү аракет

 

Мугалим билимди жеткиликтүү жана түшүнүктүү жеткиргенде гана окуучунун кызыгуусу ойгонот. Татаал терминдерге толгон сабак окуучуну билимден алыстатат. Окуучу билимди даяр түрүндө гана күтпөстөн, изденип, ойлонуп, өз алдынча иштөөгө үйрөнүшү керек. Чыныгы билим — аракеттин натыйжасы. Ата-эне болсо бул процесстин унчукпас, бирок эң маанилүү катышуучусу. Баланын окуусуна болгон кызыгуу, колдоо жана көзөмөл анын билимине түздөн-түз таасир этет. Акыркы жылдары айрым ата-энелер тарабынан баланын окуусун толугу менен мектепке жүктөп коюу тенденциясы байкалууда. Бирок билим алуу — бул үй-бүлө менен мектептин биргелешкен эмгеги экенин унутпоо керек.

Айгүл Бусурманованын айтымында, билим берүү тармагындагы эң чоң жетишкендик да, эң чоң көйгөй да — адам фактору. «Эгер мугалим, окуучу жана ата-эне бир команда болуп иштесе, билим сапаты сөзсүз жогорулайт. Билим — бул бир тараптын эмес, үч тараптын биргелешкен эмгеги», — дейт тажрыйбалуу педагог.

Жаңы муундагы окуу китептери: билим берүүдөгү жаңы багыт

Билим берүү тармагы дүйнө жүзүндө өзгөрүп жатат. Мурда окуу китептери көбүнчө маалымат берүүчү булак катары кызмат кылса, бүгүнкү күндө алар окуучунун ой жүгүртүүсүн, практикалык көндүмдөрүн жана дүйнө таанымын өнүктүрүүгө багытталган жаңы форматка өтүүдө. Ушундай шартта жаңы муундагы окуу китептери билим берүүнүн маанилүү куралына айланып бара жатат.

Бул китептердин негизги айырмасы — окуучуга жөн гана билим берүү эмес, билимди турмушта колдонууга үйрөтүү. Андагы тапшырмалар реалдуу жашоодогу кырдаалдарга негизделип, окуучуну ойлонууга, талдоого жана чечим кабыл алууга үйрөтөт. Мындай ыкма окуучунун сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, анын активдүү катышуусун талап кылат.

Жаңы муундагы окуу китептеринин дагы бир өзгөчөлүгү — интерактивдүүлүк. Талкуу, топтук иш, долбоордук тапшырмалар, изилдөө элементтери окуу процессинин ажырагыс бөлүгүнө айланат. Натыйжада окуучу жөн гана маалымат алуучу эмес, билим жаратуу процессинин активдүү катышуучусу болуп калат. Бул окуу процессин кызыктуу жана жеткиликтүү кылат.

Эң негизгиси, жаңы муундагы окуу китептери улуттук баалуулуктарды сактоо менен дүйнөлүк билим берүү стандарттарына жакындашууну көздөйт. Мындай айкалыш билим берүүнүн сапатын жогорулатып, келечектеги атаандаштыкка жөндөмдүү муунду тарбиялоого өбөлгө түзөт.

Билим — келечекке салынган инвестиция

Ар бир коомдун өнүгүүсү мектептен башталат. Бүгүн класста отурган окуучу — эртең өлкөнү башкарган жетекчи, жаңы технологияны ойлоп тапкан илимпоз же коомго кызмат кылган адис болушу мүмкүн. Ошондуктан билим сапаты тууралуу талкуу — бул жөн гана мектеп маселеси эмес. Бул — улуттун келечеги тууралуу сүйлөшүү. Эгер мугалим билимди жан дили менен үйрөтсө, окуучу изденүүгө умтулса, ата-эне колдоо көрсөтсө — анда билим сапаты сөзсүз көтөрүлөт. Анткени келечек мектептен башталат.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер